Азыр кыш мезгили келип ,элдин баарынын көмүр жагып жаткан мезгили.Токтогул районунун Чоң-Арык айылында көмүр алгандар жана көмүр саткандар көп болууда.Көмүрдүн баасы сатуучуларды жана алуучуларды канааттандырып жатабы?
3 жылдан бери көмүр сатып эмгектенген Чоң-Арык айылынын 45 жаштагы тургуну Ормонбеков Муратбек,көмүрдүн баасы туурасында эмне дейт?
-Менин айыл ичине көмүр сатып эмгектенгениме туура 3 жылдын жүзү болду.Мен кара кеченин көмүрүн сатып жатамын.Элдин алышы жакшы.Көмүрдүн тоннасын 5 миңден сатып жатабыз.Эл көмүрдүн баасына нааразы деле болгон жок.Менин дос балдарым Таш көмүр шаарында турушат.Ошолор көмүрдү мага жиберип жатышат.Мен бул жактан сатып жатамын.Мына бул көмүрдүн келгенине 2 күн болду, келгенден бери жакшы өтүп жатат.Эки күндө 8 тонна көмүр саттым.Менин саткан көмүрүм жакгшы болсо керек,ошондуктан алган элдер нааразы болуп,ылаңка кылышкан жок.Ал эми көмүрдүн басы туурасында айтсам,жакшы кымбат эмес жылдагыдай элэ .Башкалар көчө кыдырып сатып жатышат.Мен болсо үйдөн элэ.
Айылдын 61 жаштагы тургуну Токторалиев Бердигул бул туурасында эмне дейт.
-Арзан эмес.Жакшы.Кабын 270 сомго чейин сатып жатышат.Алып жатабыз.Алган көмүрүбүз дагы жакшы күйүп жатат.Ушининтип элдин сатып жатканына дагы рахмат!
Аылдын 45 жаштагы тургуну Кыдыралиев Биймырза дагы көмүрдүн баасы кымбат эмес деп билдирет.
-Жылдаыдай элэ көмүрдүн баасы кымбат эмес.Эми бул нерсе дагы жакшы ,бизге минтип көчө кыдырып көмүр саткандар жок болсо дагы эмне дейт элэк.Негизинен нааразы эмеспиз.
Айылга ушинтип сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин, көмүрдүн баасы элди канаттандыраарлык элэ окшойт деп түшүндүк.
Даярдагандар.Бактыбек кызы Жайнагүл,Абдыкерим кызы Аида.
Редактору.Бурулсун Уланбекова.
Сынак үчүн.