Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын №13-Коргол ат ындыгы орто меектебинде окуучулар арасында манас таануу таймашы болуп өттү.Аталган таймашка 2 команда катышып,8б классынын окуучулары ждеңүучу болуп, райо ндук манас тааануу таймашына жолдомо алышты.
Манас таануу таймашынын уюштуруучусу Турсунбаев Өмүр таймаш боюнча төмөндөгүчө баяндайт.
-Бул таймаш жылда өтчү таймаш.Жылда ушинтип окуучулар арасында манас таануу таймашы болуп турат,былтыркы таймшта биздин мектептин окуучулары районго барып 3- орун болуп калышкан.Эми быйыл жакшы оюн көрсөтүшөт деген ойдомун.Эми бул таймашта окуучуларга манас жөннүндө кененирээк маалымат берүү,жана ошондой элэ патриот адам болууга үйрөтүү максатында уюштурабыз.Бүгүнкү таймашта эки команда тең абдан күчтүү командалар экен.Баарына ийгилик каалайм.
Манас таануунун жеңүүчүсү Аккула командасынын топ мүчөсү Таштан кызы Айзирек,мага манас таануу жакты деп билдирет.
-Бүгүнкү болуп өткөн таймаш абдан кызыктуу болду.Мага абдан жакты.Биздин атаандашыбыз дагы күчтүү окуучулардын курамынан түзүлгөндүктөн таймаштан жеңип чыгуу кыйын болду.Каршы командабыз бизден 1 гана упайга утулуп калышты.ДЕП БИЛДИРЕТ.
Даярдагандар.Бексултан кызы Арууке,Бактыбек кызы Жайнагүл.
Редактору.Бурулсун Уланбек кызы.
Сынак үчүн.