“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

СУРАМЖЫЛОО:Жаңы шайланган депутаттардан эмнени күтөсүз?

5 Январь 2017 жыл 9:35
Көрүүлөрдүн саны: 691

11-декабр күнү ЧОҢ-АРЫК айылында жаңы депутаттар шайланды.Жаңы шайланган депутаттардын алдыдагы пландары менен таанышканбыз.Эми  Чоң-Арык айылынын тургундары жаңы депутаттардан эмнени күтөт? Жана  эмнени үмүт кылып ошол депутаттарды шайлашты.?20161211_090258

 

46 жатагы айылдын  тургуну  Жусупбекова Супайра жаңы депутаттардын ак иштеп,ак кызмат кылууусун күтөт.

-Мен шайлоо күнү мектепке барып жакшы иштей турган адамдарды шайлаганмын.Эми ошол депутаттар биздин үмүтүбүздү актап,элдин ишенимин актап,жакшы иштеп беришсе деген үмүттөмүн.Анан дагы жаңы айыл өкмөттү шайлаганга  шашышпай,эки айылды экиге бөлбөй,депутаттар  ынтымактуу болушса деп тилейт элем.20161219_180438

 

 

40 жаштагы айылдын тургуну Кыпчакбаев Кылычбек эмне дейт.

-Шайлоо күнү мен өзүм 9 адамды шайладым.Алардын баарысы өзүмдүн тааныштарым,туугандарым.Негизинен жакшы иштеп бере турган элэ депутаттар шайланышты окшойт.Эми толугу менен антип айта бериш деле кыйын.Ар кимдин өзүнүн алдыдагы пландары бар болуш керек.Эң башкысы жакшы иштеп, эки айылдын депутаттары ынтымактуу болушсун.20150101_125322

 

50 жаштагы айылдын тургуну  Ташыбаев Батырбек  депутаттар айткан убадаларына турушса дейт.

-Эми депутаттар талапкерлигин коюп жаткан учурунда абдан элэ көп убадаларды беришкенн.Айылга бала бакча курдуруп беребиз деп  айтышкан элЭ.Ошол айткан убадаларына турушса деп айтат элем.Элден түшкөн сунуштардын баардыгын чечип аткарып бериши керек деп ойлойм.20161219_175847

 

 

Даярдаган.Бексултан кызы Арууке.

Редактору.Бурулсун  Уланбекова.

Сынак үчүн.