“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Советбек Жээналиев менен маек.

9 Январь 2017 жыл 10:19
Көрүүлөрдүн саны: 762

Быйыл Кетмен-Дөбө  айыл аймагынын башчысы Советбек Жеенали6вдин өкмөттү башкарышынын акыркы жылы.Ошондой эле 2016-жыл жыйынтыгы боюнча өкмөт башчы эмне дейт?20170109_135654-kopiya

Саламатсызбы!Айыл өкмөт башчы болуп дайындалганыңызга канча жыл болду?

-Саламатчылык!Менин айыл өкмөт башчы болуп дайындалганыма туура 3 жылдын жүзү болду.2014-жылдын 16-январдан бери иштеп келе жатамын.

Аты жөнүңүз жана туулган жылыңыз тууралуу айтсаңыз?

-Аты жөнүм Жээналиев Советбек Нуржанович.1959-жылы 17-октябрда төрөлгөмүн.

Буга чейин кандай,кайсы жумуштарда иштегенсиз?

-Буга чейин окууну бүткөндөн кийин,ССРдин андан кийин Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитетинде,бажы кызма тында,милиция кызматында, Майлы-Сай электро ламповый заводунда жана жеке нотариус болуп иштегнемин.

Үй-бүлөнуз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз.

-Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз.Өзүмдүн атам Жээналиев Нуржан 96 жашта.Бала-чака,жубайым шаарда турушат.Бир уул,бир кызым бар.

Сиз өкмөт башчы болуп дайындалгандан бери эки айылда эмне өзгөрүүлөр болду?

-Мен айыл өкмөтү болдгондон бери,биринчиден айыл өкмөтүнүн иштөө тартиби жакшырды,ошонун эсебинен башталганда жергиликтүү кеңештин киреше бөлүгү 1млн 729 сом болсо,азыркы учурда 2млн 625 сомго жетти.

Жаңы айыл өкмөт болоордун алдында кандай иштерди жасайм деген планыңыз бар элэ?Алардын канчасы иш жүзүнө ашты жана канчасын иш жузүнө ашыра албай калдыңыз?

-Айыл өкмөтү болоордун алдында, инвестиция таратуу боюнча жумуштарды аткарам дедим эле анан ошол жумуштарды аткарып жатамын.Ал эми алардын канчасы ишке ашып канчасы ишке ашпай калганын санай турган болсом,инвестиция  тартуунунун жолу менен Кырк-Казык айылына 1 км жерге электр  линиясы менен жаңы трансфармотр коюлду.Терек суу айылында таза суу маселеси чечилди,кызгалдак балдар бакчасынын жылуу суу,муздак суу жана канализация тармагы оңдолду.Айылдардын ички жолдору оңдолду.Ал эми ишеке ашпай калганы бул Чоң-Арык айылына бала бакча куруу маселеси ишке ашпай калды.

Айыл өкмөттук мөөнөтүңүз бүткөндөн кийин дагы окмөт башчы болсом деген оюңуз барбы?

-Эгер депутаттар жана айыл тургундары ишеним көрсөтсө мен дагы деле иштеп бергенге даярмын.

Жыл жыйынтыгы боюнча  өзүңүзгө кандай баа бересиз?

-Мен өзүмө баа бере албаймын.

Пенсияга чыккансызбы?Эгер чыксаңыз эл ылаңкакылбайбы пенсияга чыккандан кийин иштебесин деп?

-Ооба пенсияга чыкканыма көп болду.Алган суммам өзүмө жетет.Ал эми мени депутаттар шайлап 17 добуш менен айыл өкмөт башчы болгом.Элдин ызуу чуусу болбойт.

Берген маегиңизге чон рахмат!

Даярдаган.Бексултан кызы Арууке

Редактору.Бурулсун Уланбекова

Сынак үчүн.