“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылындагы Компаньон банкынын сактык кассасы тууралуу маалымат

9 Январь 2017 жыл 16:31
Көрүүлөрдүн саны: 434

Токтогул районунун Терек-Суу айылында Компаньон банкынын сактык кассасы 2008- жылдан бери иш алып барып келет. Банк тууралуу Акбакай ЖМБнын кабарчысы кыскача  маалымат алды.

20170109_121912

Компаньон банкынын Терек-Суу айылындагы сактык кассасынын башчысы Аксен Абдалиев төмөнкү маалымаатарды берди:

“Банк Терек-Сууда  2008- жылы 10-июлда ачылган. 1 жыл мурун банк болдук, ага чейин  микрофинансылык компания болчук. Элге биринчи кызматыбыз, айыл- чарба өнүктүрүү жана соода тармактарын өнүктүрүү боюнча көмөк кылуу. Акча которууларыбыз бар, мисалы эл аралык акча которууларыбыз бар, ошондой эле, Кыргызстан ичинде дагы акчаларды которобуз. Андан сырткары депозит акча салуулары бар. Банк кайсы кызматты аткарса, ошонун бардыгын аткарат. Андан сырткары, эртеңден баштап айлыктарды жана пенсияларды бизден алып башташат. Алдыңкы пландарда, банкомататрды, терминалдарды коюу бар, кардарлар келгенде кезек күтпөй тургандай кылып азыраак убакытта иш алып барганга аракет кылабыз. Айыл тургундарына пайда жактары, акча которууда Токтогулга барып, жол кире коротпой, бизден которот жана сырттан келген акчаларды Бишкектин эле курсунда ала алышат.Андан сырткары, акчаны 2-3 күндүн ичинде беребиз”,- дейт Абдалиев.

20170109_121843

Компаньон сактык кассасынын башчысы Аксен Абдалиевдин айтымында, кредиттерди убагында төлөй албагандар менен бир жумага чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, андан ары дагы төлөй  албаса, анда элдин шартына жараша юристтер менен иш алып барышат.

20170109_122012

Терек-Суу айылынын тургуну Турганбү Койчуманованын айтымында, банктын кызматын көп колдонот:

“Мен бул жерден кредит алам, кайра убагында төлөп турам, банктын кызматын көп колдоном. Банктын кызматы мени канаатандырат, кызматкерлердин дагы тейлөөсү жакшы. Банк тарабынан зыянга учураган жокмун”,- дейт айыл тургуну.

 

20170109_130004

Айыл тургуну Эльнура Мырсраимова, банктын кызматын көп деле колдонбогондугун айтат. Айылга банктын ачылганы акча которууда жеңилдиктерди алып келээрин айтты.

20170109_122214

20170109_130042

Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы                                                 

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн