Токтогул районуна караштуу Терек Суу айылында жайгашкан тиш дарылоо ооруканасы бар.Ал жерде 2жылдан бери 6 айылдын элине кызмат кылып Нурболот Сактанбеков эмгектенет.
Тиш дарылоочу Нурболот Сактанбеков
-Мен Сактанбеков Нурболот 1990-жылы Токтогул районуна караштуу Сары-Сөгөт айылынла туулгамын.Бул жерге келип эмгектенгениме 2жылдын жүзү болду.Келгенден бери эч кандай кыйынчылык болуп көйгөй деген жаралган жок.Бул жакка тиш даарылатуу үчүн Мазар Суу,Терек Суу,Чолпон-Ата,Чоң-Арык,Ак тектир,Кара Күңгөй айылдарынын тургундары келишет.Алардын баардыгын жакшы тейлегенге аракет кылам.Тиш тазалоо,тиш салуу,тиш сууру боюнча эмгектенем.Ал эми айлык маянам өз кесибиме жараша берилет.Мисалы бир тишти тазалоо үчүн жалпысынан 200-300дүн тегерегиндей акча төлонөт.Элден түшкөн акчага даары-дармек сатып алабыз.Тиш тазалоо дагы даарынын баасына жараша төлөнөт.Келгендердин 12жашка чейинки жаш балдардын тишин бекер жулуп беребиз.
Чоң-Арык айылынын тургуну Эсенбек Тентимишов тиш даарыгердин элге көрсөткөн кызматы жакшы экенин айтат.
-Мен эми ал жакка бала-чакаларымды алып барам.Былтыр бир барганбыз ошондо жакшы тазалап жакшы иштечү.Азыр дрле ошондой болсо керек.Барган адамдарга кылган мамилеси жакшы,элди кагып-силкүү дегени жок Ал эми баасы туура эле төмөн айтпайт,кымбат айтпайт.Канча жылдан бери эле ошол Терек суу айылынан тазалатабызда,,-деген обн айтат.
Даярдаган:Бексултан кызы Арууке
Редактору:Бурулсун Уланбекова
Сынак үчүн.