Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын Коргол атындагы орто мектебинде Каныбек кызы Айназик 6-классынан бери ыр жазат.Айназиктин жазган ырларын мектептин мугалимдери дагы жактырып окушат.
Айназиктин айтымынды анын жазган ырлары 25-30дай болуп калган.
-Мен Каныбек кызы Айназик Токтогул районуна караштуу Терек Суу айылында 2000-жылы 20-декабрда жарык дүйнөгө келгенмин.2008-жылы мектеп босогосун аттап билим алууга алгачкы жолу кадам таштаганмын.Үй бүлөдө 4бир туугандын 2-симин.Ыр жазууга 6-классымдан бери киришкенмин.Өзүмдүн жазган ырларымды жаттап алганмын.Мага ыр жазган абдан жагат,өзүм келечекте врач же мугалим болсом деймин.Кудай буйруса мектепти бүтүп жогорку окуу жайына баргандан кийин ыр жазуумду уланта берем.
Айназиктин жазган ырларынан сиздерге сунуштайбыз.
Үркүнгө 100 жыл
Кыргыз эли кара кыргыз аталып
Баштарынан кыйын күндү кечирген
Карапайым адамдарды кул кылып,
Бай манаптар эбегейсиз эсирген.
Адамды жүндөй сабаган,
Карасаң жүрөк канаган.
Сагаалап турган эшикте,
Кароочу иттей санаган.
Ал жайын сураар эл журттун,
Ал кезде эч ким болбогон
Кошомат кылып байларга,
Башчылар кедейлерли кордогон.
Үркүн болгон 16-жылдарда,
Жерин таштап ар кай жакка качышып.
Кара жанын сакташ үчүн калкалап,
Ашуу ашып бөтөн элге кетишкен.
Асарчылык каптап келип бир жактан,
Ачкалыктан баса алышпай жыгылган.
Карды тойбой үзүм нанга зар болуп,
Кайран элим ошол жылы кырылган.
Өз элинин жашап өткөн тарыхын
Биздин жаштар окуп тактап билсин деп
Ушул жылды белгиледи президент ,
Тарых жана маданият жылы деп
Бир кылым өтүп арадан,
Кутулуп кыргыз санаадан.
Эртеңин ойлоп эл журттун
Жетишти эми заманам.
Жусуп баласагынга 1000жыл.
Ар улуттун өзүнүн акыны бар.
Жан дүйнөсү чыгармага жакыны бар.
Тарызта аты өчпөй жазылган,
Баласагын Жусуптай акыны бар.
Том-том китеп жазбаса да ашырып,
Эки-үч тилде «Кут билими,, басылып.
Кыргыз элим баалап ушул акынды,
Элесин миң сомдукка басышкан.