Кетмен-Дөбө айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген канча адам каттоодо турат, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралганын билип көрүү үчүн Кетмен-Дөбө айыл аймагынын соц адиси Айтолкун Сульпиева менен маек курдук.
Саламатсызбы! Кетмен-Дөбө айыл аймагында канча мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат?
-Саламатчылык! Кетмен-Дөбө айыл аймагынын соц адиси катары тактаганыбыз боюнча 70 адам каттоодо турат. Анын 22си тубаса майып, калганы бала кезинен же андан кийин майып болгондор.

Аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кандай жеңилдиктер каралган?
-2016-жылы 3- декабрь мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүндө, 22 тубаса майып адамдарга, жок дегенде дары- дармегине жарасын деп, 500 сомдон акчалай жардам бердик. Калгандарына дагы белектер таркатылды.
Мүмкүнчүлүгү чектелгендерге мамлекет тарабынан жөлөк пул каралганбы? Орто эсеп менен канча сом жөлөк пул каралган?
-Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жөлөк пул каралган. Так суммасын айта албайм.
Кетмен-Дөбө айыл аймагында каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен кандай иш алып барасыздар? Кандай жардамдарды бересиздер?
-Биздин бюджетибиз тартыш болгондугуна байланыштуу, бир жылда бир гана жолу майыптар күнүндө чектелген акча гана каралат.
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн