“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Салимбай манасчы Коргол мектебинин окуучулары менен маек курду

19 Январь 2017 жыл 15:10
Көрүүлөрдүн саны: 385

144136.9a1e9f7336772191696d3198975ec4a4.500Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында Салимбай Турсунбаев менен Коргол мектебинин  окуучулар арасында дил маек болуп өттү.Дил маекте жакшы суроо берген окуучуларга Салимбай манасчы өзүнүн алып келген белектерин берди.

 

Салимбай Турсунбаев дил маектин жүрүшү туурасында окуучулардын денгээли  жөнүндө айтып берди.20170115_231539

-Бүгүнкү болгон маек аблан кызыктуу болду.Өзүм 5айдан бери туулуп өскөн айылым Чоң-Арыкка келе элек элем.Мектети дагы көп жылдан бери биринчи көрдүм.Ал эми окуучулар абдан жакшы окуган кыздар баллар экен.Алардын берген суроолору да абдан кызыктуу болду.Ар бир окуучу  өзүнүн берген суроосу так даана кызыктуу болуп жатты.Окуучулардын деңгээли абдан жакшы,алардын арасынан ыр жазган акындары дагы бар экен.-леп билдирди20170116_143006

 

Акын,манасчы,сөзмөр Салимбай Турсунбаев туурасында.

Турсунбаев Салимбай-Манасчы,кесиби боюнча энергетик.Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында 1959-жылы 5-ноябрда жарык дүйнөгө келген.Атасы орозбай манасты жорго сөз менен сабалатып айткан чоң төкмө акын болгон.Ушундан улам,Салимбай атасынан манас жөнүндө көп угуп,шыгы эртелеп ойгонот.Зээндүү бала ага аябай кызыгып,баатырдын эрдиктерин көңүлүнө бекем ткйүп өсөт.Тилекке каргы 4-сыныпка келгенде атасы каза болот.Болочок манасчы 7-сыныпка келгенде көпчүлүк манасчылар сыяктуу эле түш көрүп,көпчүлүк кой дененге болобой ээлигип манас айта турган болот.Бирок анын манас айтуусуна тайенеси тыюу салат. Ичинде буркан-шаркан түшкөн күч жайына койбой,Салимбай эл жок,ээн жерлерде аз да болсо манас айтып бугун чыгарып жүрөт.Калган бугун ыр жазуудан чыгарат.Жамактатып ырдап да жүрөт.Акыры1986-жылы манасчылыгын ачыкка чыгарып ,жалпы журттун алдында ,,манас»айтат.

Тез эле оозго алынып,жалпы республикага аты таанылып,белгилүү манасчылардын сабына кошулат.Анын манасчылык боюнча жетишкендиктери төмөнкүлөр.

1992-жылы залкар манасчы Орозбак уулу Сагымбайдын 125жылдыгына арналган Республикалак манасчылардын мелдешинде 3-орун болот.

1994-жылы ,,манас» эпосунун 1000-жылдык маарекесине карата ,,Манас 1000″ дирекциясы тарабынан өткөрүлгөн  республикалык манасчылар кароо сынагында 1-орунга ээ болот.

1995-жылы ,,Манас» эпосунун  1000жылдык салтанатына карата өткөрүлгөн  эл аралык манасчылардын кароо сынагында 3-орун болот.

2004-жылы Талас жергестнде манасчы Назар Кайыптын 230 жылдык маарекесине арналган  манасчылар таймашында 1-орунга ээ болот.

20016-жылы жети күн жети түн манас айтуу сынагында 3-орунга ээ болуп,презижен Алмазбек Атамбаевдин колунан ардак грамота менен сыйланат.

Маначсы Салимбай Турсунбаев ар убак изденүүнүн үсиүндө жүргөн адам..Ал жаңылык катары улуу жомоктун ,;Чоң казат» темасы боюнча 6000сап ырдан турган  өзүнүн вариантын иштеп чыккан..Анын айтуусунда  Кыргыз улуттук телерадио компаниясынын ,,Алтын казынасына»Манас эпосунун ар кайсы эпизоддору жаззылып алынган.

2005-жылы  Крнин  мамлекрттик тил комиссиясынын  жетекчилиги тарабынан ,,Кыргыз тилине кошкон салымы үчүн» мамлекеттик деңгээлдеги диплом менен сыйланган.

Учурда манасчы Жалал-Абад облусунун Кара Көл шаарында жашап ,энергетика адистиги боюнча Токтогул ГЭСиндеги каскадда эмгектенет.Мындан тышкары Кара Көл маданияттык үйүндө усул бөлумундө башкы усулчу ,балдардын атайын билим беруүборборунда  ,,Манас»Сабагы боюнча мугалим болуп талыбай эмгектенип ,артынан шакирт ээрчитип жаш манасчыларды таптап келет.

Айтылуу Жылдызбек Турсунбаевдин атасы.20170116_105922

Даярдаган:Бексултан кызы Арууке

Редактору:Бурулсун Уланбекова

Сынак үчүн