Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо күнү 2017- жылдын 25-январы.”Жергиликтүү бийликтин өкмөт башчысын шайлоо кандай жүрөт?” ,- деген темада Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы Орозбек Көксариев менен маек курдук.
Саламатсызбы! Жергиликтүү бийликтин айыл өкмөт башчысы канча жылга шайланат?
-Саламатчылык! Айыл өкмөт башчысы 4 жылга шайланат. Жабык шайлоонун негизинде айыл өкмөт башчысы шайланат. Шайлоо 25- январда саат 15:00 дө болот.
Кимдер талапкер боло алат? Кандай шарттары бар?
-Жогорку билимдүү, 5 жылдан кем эмес мамлекеттик кызматта иштеген адам талапкер боло алат.
Айыл өкмөт башчысын кимдер шайлайт?
-Айыл өкмөт башчысын Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары шайлайт. 21 депутат шайлайт.
Канча добуш алышы керек?
-11 добуш алышы керек.
Канча талапкер болууда?
—2 талапкер болууда. Бири Терек-Суудан, бири Чоң-Арыктан
Шайлоонун жыйынтыгына талапкерлер же шайлоочулар макул болбосо, жыйынтык жокко чыгарылабы?
—Жокко чыгарылбайт, ошол жерден жергиликтүү кеңештин депутаттары менен биргеликте чечишет.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн