“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арыктын устасы Турусбек Жусупбеков.

27 Январь 2017 жыл 8:16
Көрүүлөрдүн саны: 101

20170112_120429Токтогул районунуа караштуу Чоң-Арык айылында чебер усталар абдан эле көп.Алардын бири  ээр чаап,күрөк,комуз жасаган 57 жаштагы айылдын устасы Жусупбеков Турусбек мырза.АЛ жасаган шаймандарды бир эле айылдын тургундары эмес алыс жактардан дагы келип алып кетишет.

Турусбек мырзанын  айтымынды ал жасаган ээрлердин ар бирин4500сомдон жогору бааага сатат.20170112_121053

,,-Мага бул кесип Чоң аталарымдан калган кесип экен.Илгери менин Чоң аталарым ушундай шаймандардын турлөрүн жасап сатышчы экен.Бул мен жасагандарды бир эле айылдын тургундары эмес көбүнчөсү Жаңы жол тараптан келип алып кетишет.Мисалы силерге ээрдин жасалышын айтып берейин.Бул ээр аябай кыйын жол менен жасалат.Биринчи бул жыгачты аябай  кургатып туруп анын формасын чабат.Анын сыртын  бодо малдын терисинен капталат.Уйдйн терисин  туздуу сууга чылап  анан кургатып анан  ээрдин сыртына каптап мык менен кагып катырып анан даяр кылабыз.Эң эле эрте бүткөнү 4 айда бутөт.Ал эми  баасы туурасында айтсам  бир ээрди 4 миң 5миң сомго  сатабыз.Ушул убакка чейин көп эле ээр чаап калдым десем болот.

 

Айылдын тургуну Аматбек Туралиев  Айылдын устасынын  көп тажырыйбасы бар,жасаган буюмдарынын баары жакшы деп айтат.20170116_005748

-Мен бул ээрлерден деле ала элекмин .Бирок баасы  кымбат деле эмес болуш керек.Жасаган буюмдарын көргөм.Жакшы жасайт.Бул деген канча мээнетти талап кылат.Мээнетин баалаш керек.

 

Даярдаган:Бексултан кызы АРУУКЕ.

Редактору: Бурулсун Уланбекова.

Сынак үчүн.