“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Мамалекеттик жетекчилерди кимдер шайлашын каалайсыз?

27 Январь 2017 жыл 7:35
Көрүүлөрдүн саны: 65

20161211_091711[1]Азыркы учурда айыл өкмөтү,аким,районо мамлекттик жетекчилерди депутаттар шайлап келишет.Ошол сыяктуу.Кетмен Дөбө айыл аймагында эки айыл биригип жалапы 21 депутат бар.   Ушул депутаттар аким, айыл өкмөт башчыларды шайлашат.Бирок айыл тургундарынын көпчүлүгү бул нерсеге каршы болгон сыяктуу.Ошондуктан айыл ичине бул туурасында суражылоо жүргүздүк.

Чоң-Арык айылынын тургуну Сманалаиева Жыпаркүл.20150101_080150[1]

-Мен  ал мамлекеттик жетекчилерди элдин шайлашын каалайм.Анткени эл деген эл,да.Ал айыл өкмөтү деген элге иштеп берет да,ал деген ошол 21 депутат үчүн гана иштеп бербейт.ЭЛ өзү тандашы керек.

ФАП Уста-Сай №779 үй бүлөлүк даарыкана пункутунун мед айымы Садырова Венера .20170116_161352

-Мен  айыл өкмөтү,аким дегендерди депутаттар эле шайлашын каалайм.Себеби,эл дин баары бирдей эмес  Бири туура сүйлөсө бири туура эмес сүйлөйт.Ошон үчүн 21 депутат өзүлөрү эле шайлашы крек.

Айылдын 48 жкштагы тургуну Шатманалиева Салима .20170116_153926

-Мен аны айта албайм  депутаттар деле шайласа жакшы,эл деле шайлай юберсин.

Айылдын 61 жаштагы тургуну Сайракан Акимбаева.20170116_160331

-Мен аларды элдин өүнүн эле шайлашын каалайм.ошол 21 депутат деген аз эле .Оол 21 депутатты чакырып чай берип  ар бирине 20-30 миң сомдон акча берип туруп стып алыш оңой эле.Азыркы депутаттарың эмне? Ошол акча алып эптеп айыл өкмөт,акимдерди шайлашын эле күтүп жүрүшөт.Эл өзү жаманды-жакшыны шайлайбы өзү билет эле да.Элдик шайлоо жакшы.Таза жан так өтөт.Илгер элдик эле болчу элу.БУЛ НЕРСЕ КАЙДАН ЧЫККАН БИЛБЕЙМ АЙЛАНАЙЫН.

Кетмен Дөбө айыл аймагыны депутаты Токторалиев Алмаз депуттар шайлашын каалайт.20150101_145934

Бул туурасынжда айыл ичине сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө элдин басымдуу бөлүгү элдик шайлоо болушун каалайт экенин билдик.

-Мен депутаттар шайлашын каалайм.Себеби эмнеде экенин айтпйм.

Даярдагандар:Бактыбек кызы Жайнагүл,Аида Абдыкерим кызы.

Редактору:Бурулсун Уланбекова.