“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суудагы «Алина» кондитердик ишканасынын өндүрүштөрү кеңейди

6 Февраль 2017 жыл 17:34
Көрүүлөрдүн саны: 53

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан «Алина» кондитердик ишканасы көп жылдан бери иш алып барып келет. Ишкананын технологу Дилдекан Кожокеева, кондитердик продукциялары кеңейгендигин билдирди.

20170126_173846

«Алина» кондитердик ишканасынын технологу Дилдекан Кожокееванын айтымында, өндүрүш кеңейгенден кийин, жумуш орду көбөйгөн:

20170126_173715

“«Алина» кондитердик ишканасынын өндүрүштөрү кеңейди, башында биз булочка, нан менен баштаганбыз. Андан кийин кекс, коржик, пряниктерди чыгара баштаганбыз. Быйыл, 2017- жылдан баштап, рулет, тортторду кошуп чыгарып жатабыз. Өндүрүш кеңейгенден кийин жумуш орду көбөйдү. Башында 3-4 кыз иштечи, азыр 5-6 кызды жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Өндүрүлгөн продукцияларды өзүбүз Терек-Суудагы базарга алып чыгып, сатабыз, Токтогулга дагы алып барып койдуруп жатабыз, Терек-Суудагы магазиндерге койдуруп жатабыз. Бирок, айыл кичинекей болгондугуна байланыштуу, продукциялар анча өтпөй жатат, кичинеден өтүп жатат. Алдыда дагы ишкананы кеңейтсек, айылыбызга кызмат кылсак, айылдагы кыз- келиндерди жумуш менен камсыз кылсак деген ойлорубуз бар”,- дейт Дилдекан Кожокеева.

20170126_173330

Ишкананын дайымкы кардары, Терек-Суу айылындагы дүкөндөрдүн биринин кожоюну Жеңишбек Кабылбековдун айтымында, ишкананын өндүрүштөрү аны жана анын кардарларын канааттандырат:

“Ишкананын өндүрүштөрүн көптөн бери алып келем. Мен рулет, пряниктерин алам. Мени жана менин кардарларымды «Алина» ишканасынын өндүрүштөрү канааттандырат”,- дейт Кабылбеков.

20170126_173337                                                                   

20170126_173914

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн