“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Сурамжылоо: «Беш күндүк окууга кандай карайсыз?”

8 Февраль 2017 жыл 12:20
Көрүүлөрдүн саны: 56

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек мектеби 24- январдан баштап беш күндүк окууга өткөн. Бирок, 9- класстар окуу сааты көп болгондуктан, мурдагыдай эле алты күн окушууда. «Беш күндүк окууга кандай карайсыз?”,- деген темада сурамжылоо жүргүздүк.

Тарбия иштери боюнча мектеп директорунун орун басары Нуржамал Казакбаева:

20170207_112948

“Беш күндүк окуу мугалимдер үчүн абдан эле жакшы болуп жатат. Ал эми, окуучуларга бир жагынан жакшы, бир жагынан жаман болуп жатат. Жакшы жагы, алтынчы күнү ар кандай ийримдерге катышып, өздөрүн өнүктүрүүгө жакшы шарт болот. Бирок, күнүгө алты сабактан киргени окуучулар үчүн бир аз кыйын болсо керек”.

11- класстын окуучусу Лилия Айтымбетова:

20170207_095810

“Менин оюмча беш күндүк окуунун бир жагы жакшы, бир жагы жаман. Себеби, жаман жагы 5-6 сабакта окуучулардын сабакка анча көңүлү жок болуп калат экен. Жакшы жагы, алтынчы күнү китепканаларга барып, иштерди бүтүрүп, эс алууга кенен убакыт жетет”.

Айыл тургуну Табылды Максүтбаев:                         

20170207_160058

“Менин оюмча, беш күн окуу жакшы. Себеби, балдардын мээси сергийт. Ишемби, жекшемби күндөрү эки күн мугалимдер дагы окуучулар дагы эс алат”.

10-класстын окуучусу Жоодар Асылбеков:

20170207_100957

“Беш күндүк окууга менин көз карашым мага жакшы эле болду. Анткени, алтынчы күндөрү окуучулар көп эле сабакка келбей калып жатышат. Беш күндүк окуу бизге жакшы эле”.

Мектептин тарых сабагынын мугалим Эшенкул Медетбеков:

20170207_112809

“Беш күндүк окуу бул мугалимдер үчүн бир кыйла жакшы. Окуучулар үчүн дагы жакшы деп ойлойм. Себеби, алтынчы күнү ар кандай ийримдерге катышканга мүмкүнчүлүк жаралат”.

8- класстын окуучусу Гулиза Рысбек кызы:

20170207_094842

“Менин беш күндүк окууга көз карашым жакшы эле. Мурда алты күн окуганда сабактар аз болчу, азыр күнүгө алты сабак кирип жатат. Бул окуучуларга кыйынчылык жаратпаса керек деп ойлойм”.

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн