Токтогул районунун Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинин англис тили сабаганынын мугалими Айгүл Ормонбекова, мугалимдик кесиптен сырткары чач тарач, визажист, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ар тараптуу айым менен маек курдук.
Керектүү колго жасап алаарын айтат Айгүл Ормонбекова:
“Өзүмө керектүү майда- барат нерселерди колго эле жасап алам. Шурулардан өзүмө же кызыма тагынганга бир нерселерди жасаганды жакшы көрөм. Өзүмө керектүү нерселерди жасоо процессинде, мен ырахыт алып, эс алам, бул менин хоббим. Мен бир нерсени сатып алып, жасагым келбейт, үйдөгү буюмдарды эч качан ыргытпайм, керек болуп каларын сезип, сактап коём. Материалдарды үйдөгү буюмдар менен жасайм”
“Студент кезимде чач тарачтык кесипке кызыгып калгам, окуп, салондо иштегем. Анан бул жакка келгенден кийин чачын жасап берген соң, айымдар сөзсүз түрдө боёнт деп сурана берет экен да, анан визажисттик курстарга барып үйрөнүп келдим. Үйдөн жасайм. Кесип катары, көрбөйм, бул деле менин хоббим. Өзүм үчүн, жакындарым үчүн жасайм”,- дейт Айгүл айым.
Сүрөттөр Айгүл Ормонбекованын өздүк архивинен алынды
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн