“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суудагы балдар бакчасынын оңдоо иштери аяктады

14 Февраль 2017 жыл 17:49
Көрүүлөрдүн саны: 24

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын оңдоо иштери аяктады. “Арис” программасынын долбоору менен жылуулук системалары орнотулуп, мындан кийин кышкысын дагы иш алып баруу алдында турушат.

DSCN5254

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Советбек Дженалиев төмөнкүлөрдү билдирди:

20161101_105950

“Бул долбоор 2016- жылы башталып, 2016- жылдын 30- декабрында ишке ашырылды. Бул долбоордун негизги максаты “Кызгалдак” балдар бакчасынын жылытуу системасын киргизип, ысык суу жана канализациясын оңдоп, бала бакчаны жыл бою иштетүү болгон. Бүгүнкү күндө жылытуу системасы, канализация жана ысык суу системалары “Арис” жана айыл өкмөтү тарабынан  бөлүнгөн каражаттар менен толугу менен бүттү. “Аристен” 1 миллион 64 миң сом, айыл өкмөтүнөн 185000 миң сом акча каражаты акча каражаты сарпталды. Бала бакчанын айнектери эскилиги жетип калган болчу, жылытуу системасын жакшы сактоо максатында, пластик айнектерге алмаштырылды. Ар бир группага балдарга ылайыктуу унитаздар, ысык суу, муздак суу жана ванна орнотулду. Жакын арада 10-15 күндө бала бакчанын ички оңдоо иштери аяктаса, бала бакча ишке киришкенге даяр болот”,- дейт айыл өкмөт башчысы.

DSCN8723

№5 “Кызгалдак” балдар бакчасынын тарбиячысы Гүлнара Борбиеванын буларды айтып берди:

“№5 “Кызгалдак” балдар бакчасы 1978- жылдан баштап, ишке берилген. 1993- жылдан баштап, жылуулук системасы жок болгондугуна байланыштуу, жаздан күзгө чейин эле иштеп, кышкысын иш алып барчу эмес. “Аристин” айылдын инфраструктурасын көтөрүү алкагында, долбоорунун негизинде балдар бакчабызга жылуулук системасы, канализация, ысык суу, муздак суу орнотулуп, ишке берилүү астында турат. Жылуулук системасын жакшы сакташы үчүн, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү акча бөлүп, жаңы пластик айнектер коюлду”,- дейт Гүлгнара Борбиева.

DSCN8725

 

Даярдаган: Нуржамиля Момункулова

Редактору: Азима Нурбек кызы

Сынак үчүн