Токтогул районунун Терек-Суу айылынын №12 Курама уулу Турусбек мектебинин 10- классынын окуучусу Жоодар Асылбеков пульт менен иштеген оюнчук машина жасады. Ал биз мурунку кабарларда жазган уста Асылбек Бегалиевдин уулу. Атасынын жолун жолдогон, жаш уста менен баарлаштык.
Жоодардын айтымында, бул машинаны бир жумада жасаган:
«Мен бул машинаны үйдөгү жыгачтардан жана DVDнин тетиктеринен жасагам. Бул жерде DVDнин маторлору жана киргизип, чыгаруучу аппараттары, включателдери жана 3,7 вольттук телефондун батарейкасы бар. DVDнин шнурларын, кадимки эле сааттын батарейкасын жана микрофондун батарейкасын койгом. Бул машина пульт менен иштейт, пултун дагы өзүм жасагам жана машинага оюнчуктардын дөңгөлөктөрүн койгом. 1 жумада жасап бүттүм. Техникага жана жыгачтан буюм жасоого кичинемден кызыгам. Бул машинаны мектепке алып барам, мектепте физика жана математика айы жарыяланган, ошого жасадым»,- дейт Асылбеков Жоодар.
Жоодардын кошунасы Бакдөөлөт Усубалы уулунун айтымында, Жоодар көптөгөн буюмдарды жыгачтан жасаган жана ага дагы, үйдүн макетин жасап бергендигин айтты.
Бул үйгө свет киргизүү пландары бар экенин, кошумчалады Жоодар.
Даярдаган: Алтынай Калыбай кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн