“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Сууда башталгыч класстар негизги корпуста окушууда

20 Февраль 2017 жыл 13:01
Көрүүлөрдүн саны: 54

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстары убактылуу негизги корпуска көчүштү. 1-4- класстар биринчи кабатында 7-11- класстар экинчи кабатында билим алышууда.

20161206_130116

Бул тууралуу мектеп директору Кенжекан Аматбекова төмөнкүлөрдү билдирди:

20170220_131845

“Башталгыч класстардын негизги корпуска көчүү себеби, кыштын оор болушу, негизинен башталгыч  класстар окуган бөлүмү 2008- 2009- жылдары эле окууга тыюу салынган. Бирок башталгыч класстарды негизги корпуска батпагандыгынан, ошол жагдайга карабастан окутуп жатабыз. Кыш оор болуп, мектеп дагы авариялык абалда болгондуктан, кооптуу абал жаралбасын деп, биз 17- февралдан баштап, негизги корпуска котордук. Башталгыч класстар, кайсы убакка чейин, негизги корпуста окуурун, РайОНОдон уруксат алышыбыз  керек. Негизги корпуста группага бөлүнүп окуганда класстар тартыш болуп калат. Күн- айга карайбыз, жылуу болуп, коопсуз болуп калса, кайрадан ал жакка барып, окуганга мүмкүнчүлүк болсо керек. Биз мурда чоң класстар ар бир предмет боюнча, кабинеттик система менен  көчүп, окучубуз башталгыч класстар келгендигине байланыштуу, класстык системага өттүк, канчанчы класска кайсы кабинет бөлүнсө, ошол кабинеттен чыкпай окуйт. Ал эми, башталгыч класстарды биринчи этажга, чоң класстарды экинчи этажга жайгаштырып, мурдагыдай эле 2 сменде окуп жатабыз”,- дейт директор.

20170119_153347

Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы

Редактору: Азима Нурбек кызы         

Сынак үчүн