Токтогул районунун Мазар-Суу айылында №14 Жоомарт атындагы мектеби жаңы салынууда. Бул туралуу аталган мектептин директору Дамира Иметкулова менен маек курдук.
Саламатсызбы! Мектеп качан курулуп башталды эле?
— Саламатчылык! Мектеп 2014- жылы 17- октябрда салынып баштаган.
Канча каражат кетти?
-Мектептин жалпы сметалык баасы 65 миллион. Ошонун 46 миллионун тендерден утуп алышып, ошого курулуп жатат.
Качан курулуп бүтөт?
—Мектеп курулуп баштаганда 2015- жылы курулуп бүтөт деп башташкан, бирок, акчанын жай бөлүнүшүнөн улам, созулуп жатат. 2017- жылдын сентябрь айында бүтүп калат деген ишенимдебиз.
Мектепте канча окуучу бар жана алар жаңы мектепке батабы?
—Мектепте 430 окуучу бар. Бул мектеп 225 орундуу. Мектеп бүткөндөн кийин деле окуучулар толугу менен батпайт. Эски, азыркы окуп жаткан мектепте башталгыч класс окуса, жаңы мектепке чоң класстар окуса, батышы мүмкүн.
Мектепте жалпы канча кабинет бар?
—Мектепте жалпы 10 кабинет бар. Ошолордун бирөө компьютер классы, бирөө кыздардын кол эмгек кабинети, бирөөсү, мастерской, ошондо жалпы, окуганга 7 окуй турган класстык бөлмө болот. Жалпы окуучулар 20 класска бөлүнүп окуйт. 7 кабинетке 2 смен болсо дагы батпагандыктан, эски мектепти ошол бойдон алып калып, башталгыч классты окуталы деген оюбуз бар.
Мектепти салаардын алдында же салууда кандайдыр бир кыйынчылыктар болдубу, болсо кандай?
—Республикалык бюджеттен каржыланып салынып жатат. 2014- жылы салынып башталып, бирок, акча жай бөлүнгөндүгү бир аз кыйынчылык жаратты.
Бул мектепте азыркы учурда №14 Жоомарт мектебинин окуучулары билим алышууда
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы
Редактору: Азима Нурбек кызы