Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинде “Тарбия үйдөн башталып, мектептен уланат”, — деген темада 8- класстын окуучуларынын ата- энелеринин сынагы болуп өттү. Сынакка 8-а класстын ата- энелеринин “Ынтымак” жана 8- б класстын ата- энелеринин “Бакыт” топтору катышты.
Сынактын уюштуруучусу биология сабагынын мугалими, 8-а класстын класс жетекчиси Назгүл Шакирова бул сынакты уюштуруунун максаты ата- эне менен окуучунун ортосундагы мамилени бекемдөө экендигин айтты:
“Мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын берген тапшырмасы боюнча “Тарбия үйдөн башталып, мектептен уланат”,- деген темада ата- энелердин сынагын уюштурдук. Негизги максатыбыз ата- энелер менен окуучулардын жана мектеп менен ата- эненин байланышын бекемдөө”,- дейт Назгүл Шакирова.
Сынактын катышуучусу Бакыт Бекешовдун айтымында, сынакка катышуу аркылуу жакшы маанайда калган жана даярданууда эч кандай кыйынчылыктар болгон эмес. Анын айтымында, мындай сынакка биринчи жолу катышкан.
Калыстар тобунун төрагасы Таалай Турдалиев ата- энелердин сынагында калыс болуп, баалоо абдан кыйын экендигин айтты:
“Чынында калыс болуу кыйын экен. Элди нааразы кылбай, бирөөнө оң, бирөөнө сол дебей акыйкатта баалаганга аракет кылдык”.
Катышуучу Жумакан Жуматаеванын айтымында, ата- энелерди чогултуу кыйындыкка турган:
“Иш убагы болгондуктан, көбүнчөсү бошой албай, катышпай калышты. Калыстардын баалаганына ыраазы элемин, бирок, эң артында артисттик чеберчиликке, эмблемага, формага деп 1 балл бериш керек эле да”, — дейт.
Дагы бир катышуучу ата- эне Кенже Кутманова:
“ Анчалык деле кыйын болгон жок. Калыстардын баалаганына ыраазы элемин, туура эле баалашты. Тең чыгуу болдук”.
Мындай сынак Турусбек мектебинде бирничи жолу болгон жок, буга чейин дагы башталгыч класстардын ата- энелеринин сынагы болгон.
Даярдаган: Гүлзина Дүйшөнбек кызы