“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылынын 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектеп спорт залын оңдошту

22 Май 2017 жыл 19:42
Көрүүлөрдүн саны: 190

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто билим берүү мектебинин 2007- жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык жолугушууга келээрдин алдында мектептин спорт залын капиталдык оңдоолорун жүргүзүштү. Спорт зал 40 жылдан бери жөнөкөй оңдолсо дагы капиталдык оңдоо болгон эмес. 2017- жылдын 22- майында спорт залдын ачылыш аземи болду.   

Аталган мектептин мугалими, 10 жыл мурун мектепти бүтүргөн Урматбек Ашырбаев төмөнкүлөрдү айтты:

“ Спорт залын капиталдык оңдоо демилгеси бизге, 10 жылдыктарга таандык. Биз Кубанычбек Анарбек уулу жана мен мектепти 10 жыл мурун бүткөнбүз жана азыр ушул мектепте мугалим болуп иштейбиз, спорт залынын абалын көрүп, анан ушундай сунуш киргиздик. 2017- жылы 10 жылдыктардын айылга кошкон салымыбыз болсун дедик. Жалпысынан 60 миң сомдой каражат кетти, 1 ай 12 күндө бүттүк. Залга баскетбол ойной турган щиттерди орноттук, патолокторду кырып, заманбап стилде акталды, бардыгы сырдалды. Мурдагы акыбалы абдан жаман болчу, краскалары эскирген, полдору кыйшайган, патологу чаң болчу. Залдын ичи жаркырап калды”,- дейт Урмат Ашырбаев.

Мектеп директору Кенжекан Аматбекова 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөргө чын дилинен ыраазычылыгын билдирди:

“ Спорт зал 1977- жылы колдонууга берилген экен, ошондон бери капиталдык оңдоо боло элек болчу, жылыга сырдап койчук. Быйылкы жылы 10 жылдыктар мектебибиздин спорт залын толук оңдошуп, бүгүн ачылышын кылып жатабыз. 2007- жылы мектепти бүтүрүп кеткен 10 жылдыктарга чоң рахмат!”,- дейт директор.

10- класстын окуучусу, мектептин волейбол боюнча курама командасынын оюнчусу Кубан Эркиналы уулу төмөнкүлөргө токтолду:

“ Мен 8- класстан бери волейболдон ушул залга машыгып келем. Абалы начар болчу, жуусак деле чаң чыгып турчу. Залды мындан кийин таза караганга аракет кылабыз. 89- жылкы 10 жылдыктарга чоң рахмат!”, — дейт мектеп окуучусу.

Азима Нурбек кызы