Чоң-Арык айылындагы №13 Коргоол атындагы орто мектебинин 1997-жылы бүтүргөн окуучулары мектепке өз салымдарын кошушту. Алар даярдоо классын даярдап, жасалгалап беришти.

Буга чейин даярдоо классы окуучулар үчүн чакан болчу дейт даярдоо классынын мугалими Тамара Сүйүнбаева:
,, Мурда даярдоо классынын ичи чакан,караңгы эле. Ал эми азыркы класс жарык, кенен болуп калды. Балдарга да жакшы болду. Азыр класста парта, столдор жетишсиз. Жалал-Абад облусунан парта, столдор бөлүнгөн, ошолорду күтүп жатабыз. Класста жетишпеген жерлер бар, аларды өзүбүз райононун жардамы менен бүтүргөнгө аракет кылабыз.”

Мектеп директору Базарбек Раманкулов мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жардамы эң маанилүү экендигин билдирди:
,,1-кабаттан фойедеги бош жерден даярдоо классына 20 жылдыктар кабинет ачып беришти. 10-20 жылдыктардын жардамынын мектеп үчүн мааниси зор .Мисалы, 10 жылдыктар спорт залы үчүн узундугу 6-7 метр келген 4 отургуч жасап беришти. Мурда даярдоо классына кабинет жана жарык жакшы жетчү эмес. Ал масале азыр чечилди . 10,20 жылдыктарга сунушум,мектеп администрациясы менен кеңешип анан жардам көрсөтсө жакшы болмок.”

Алтынбек Жуманазаров 1997-жылы мектепти бүтүрүп кеткен. Быйыл 20 жылдык майрамга келип, классташтары менен мектепке өз салымын кошушту. Бул тууралуу ал буларга токтолду:
,, Кабинетке жалпысынан 70 000 сомдой акча сарпталды. 1 жуманын ичинде жасалып бүттү. Мектеп окуучуларына керек болгондугу үчүн жасап бердик.”
Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн салымы келечек муундарынын сапаттуу билим алышы үчүн шарт түзөт.
Даярдаган: Эрмек кызы Аймээрим
Таласбек кызы Элнура