“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Айылдын эң кары адамы аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштейт

31 Май 2017 жыл 9:08
Көрүүлөрдүн саны: 62

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын 90 жаштагы тургуну Акыш Өмүрбаев отуз жылдан ашык убакыттан бери Чон-Арык айылынын аксакалдар сотунун торагасы болуп эмгектенет. Жаш кезинде бригадир, зоотехник, начальник болуп иштеп жүрүп, көптөгөн сыйлык тардын ээси болгон.

30 жыл ичинде  3000ге жакын арыз каралып жыйынтыгы чечилди дейт Акыш Өмүрбаев:

,,Каралган арыздардын ичинде уурулук, талаш-тартыштар, мушташтар, үй-бүлөлук ажырашуулар болду. Ар бир келген эки тараптын айыгышкан маселесин акыйкаттык менен чечип бергенге аракет кылдым. Төрага болуп иштеп турган убакта айлдын, айыл өкмөттүн, райондун бир нече ардак грамоталары менен сыйлангам. Андан сырткары милициянын 80 жылдык юбилейинде медаль менен сыйлангам. Бир жылдин ичинде  100гө жакын арыз түшөт.”

Акыш Өмүрбаевдин келини Рано Калыбекова  кайынатасынын 90 жашка чыкканына карабастан күүлүү-күчтүү жана жакшы адам экенин айтат:

,,Атам ушул жашка келгенине карабастан өзүнө тың, билимдүү. Үйдө баарыбызга үлгу катары өзүнүн акыл-насаатын айтып, тарбия берет. Атам өзү эмгекти сүйгөн, акылман адам. Үйдө колунан келген ишке жардамдашып, каралашат. Учурда 44 небере, 17 чеберенин сүйүктүү чоң-ата, тай атасы.”

?

Айылдын 76 жаштагы тургуну  Кенжетай Жуматаев Акыш Өмүрбаевдин акыйкат, адилет адам экенин айтат:

,,Мен 1941-жылы төрөлгөм. Бала кезимден бери Акыш Өмүрбаев менен чогуу бир айылда жашайбыз. Абдан акылман, билимдуу, акыйкат адам. Эмгеги менен бир нече сыйлыкка жеткен айылда төбөсү көрүнгөн аксакал. Аксакалдар сотунун төрагасы болгондон бери жакшы иштеди. Айыл элинин нааразычылыгы болгон жок.”

?

Акыш Өмүрбаевдин эмгеги бааланып,  Эл депутаттарынын Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин XXIII чакырылышынын XI сессиясында Чоң-Арык айылынын КРС участкасындагы көчөгө Акыш Өмүрбаевдин аты коюлган.

Даярдаган: Бурулсун Уланбек кызы.