“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арык айылына ветеринардык аптека керек

31 Май 2017 жыл 8:55
Көрүүлөрдүн саны: 49

Чоң-Арык айылынын тургундары  мал чарбачылык менен алектенгендиктен  ветаптека  керек болуп турган учуру.

Буга чейин айыл тургундары керектүү дары-дармектерди Токтогул районунан алып келишчү. Айылда ветаптеканын жоктугу малчылар үчүн бир топ эле кыйынчылыктарды туудурууда.

Бул тууралуу Керезбек уулу Дөөлөтбек  мындай деди:

“Ветаптеканы күздө жеке өзүмдүн атымдан ачсам дегем. Дары-дармектер мамлекеттен берилет. Ветаптеканы башка жактардан кагаздарды алдырып ачса болот, бирок кыйын. Аптеканын жоктугуна байланыштуу мал оору өтө көп болот. Дары-дармек өзундө болсо,бат-бат саласын жана оорулар аз болот. Дарыларды көбүнчө Токтогулдан алдырышат. Терек-Сууда ветаптека ачылганына эки- уч жыл болду”.

Чон-Арык айылынын тургуну Кенешбек  Акматжанов  төмөндөгүдөй оюн билдирди:

“Биз Чон-Арык айылында мал менен алектенип жашап жаткандан кийин ветаптека керек. Бир койду дарылаш учун Токтогулга барып алып келебиз. Биздин айылда дагы ветаптека болсо, жакшы болмок. Биз дагы өтүнөбүз ветаптека ачылып калышына, себеби, Токтогулга убара болуп барып келиш үчүн эки жүз сомго жол кире төлөп кайра эки жүз сомго дары алып келебиз, ошондо эки жүз сомго чыгым болобуз. Аптеканын ачылышы баарыбызга жакшы болмок”.

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Уланбек Өмуүрбаев ветеринардык аптеканын болушу мал ооруларынын алдын алууга жана жайыттарды туруктуу башкарууга салымы чоң экендигин билдирди.

“Малдар ооруганда отуз беш километр алыс болгон райондон алдырабыз малга дары деп. Ветврачтарды чакырганда деле баары бир дарысынын акчасын өзүбүз төлөйт экенбиз, алардын жанында дары болуп калат, болбой калат. Тиги дарыны бул дарыны алып келип бер дешет ошол үчүн бизге ветаптека абдан керек. Жайыттарды башкарууда ветаптеканын ролу эч кандай болбой жатат, негизи жайыттарды башкарууда ветеринарлар барып малдардын ден -соолугун текшерип келиши керек жана ветадис менен ветаптека керек. Бизге ветаптека салып бериш учун АРИС тармагына кайрылсакпы деп жатабыз ошого долбоор жазып Чон-Арык айылына ветаптека керек деп сунуштасак деп жатабыз”.

Даярдаган: Нуриза Сыргабай кызы, Аида Абылкерим кызы