“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Райондук мелдешке даярдык жүрүп жатат

31 Май 2017 жыл 10:01
Көрүүлөрдүн саны: 90

Токтогул райондук волейбол оюунунун кыздар арасындагы таймашы 10-11-июнда Токтогул шаарында өткөрүлөт. Бул таймашка окуучу кыздар жана студент кыздар катыша алат.

Бул тууралуу машыктыруучу Тилек Көлбаев мындай дейт:

“Бул мелдеш 10-11июнда өткөрүлөт, дем алыш күндөрү өткөрүлөт. Бул мелдешке Кара-Көлдөн бери Токтогул району катышат. Жаш курагы чектелбейт, кыздар арасындагы волейбол болот. Токтогул Кара-Көл, Камбар-Атадан бери катышат. Бара турган кыздар бизден окуучу кыздар,шаардан студент кыздар келишет. Алардын денгээли жакшы, республикалык деңгээлде. Өздөрү студенттер  аралык алдынкы оюнчулар . Жалпы 10 кыз катышат.  Жалпысынан биздин кыздардын даярдыгы жакшы.

Айнуска Абдырайым кызы 11-класстын бүтүрүүчүсү. Ал таймашка даярдыктары жөнүндө мындай дейт:

“Айнуска Абдырайым кызы. Мурда көп эле жолу дайрданганбыз бирок мурда тыныгуулар болуп азыр машыкканыбызга азыраак эле күн болду. Даярдыктар  кудайга шугур.”

Айнусканын атасы Абдырайым Өмүрбаев кызынын спорт менен машыгып,топ ойногонуна каршы эмес экендигин билдирди:

“Мен да өзүм волейболго кызыгам. Кызымдын да кызыгуусу жакшы. Машыгуудан эч калтырбайм. Көп шаарларга барып келип жатат, мен абдан кубанычтамын. Жакында дагы оюн болот экен, аларга дагы барат. Мен кызымдын топ ойногонуна каршы эмесмин. Ишине ийгилик деп дайыма өзүм сыймыктанып жүрөм. Дагы коп жетишкендиктерге жетишип жүрө берсин”.

Волейбол боюнча райондук мелдешке даярдануу жумасына 3-4 күн жүргүзүлүүдө.

Даярдаган: Бексултан кызы Арууке, Иличбек кызы Айшоола