“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арыкта балдар күнү белгиленди

2 Июнь 2017 жыл 15:44
Көрүүлөрдүн саны: 26

1-июнь-эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Токтогул районунун Чоң-Арык айылында акын Коргол Досу уулунун музейинде  майрамдык кече болуп өттү.Аталагн майрамдык кечеге 2 жашатан 12 жашка чейинки бөбөктөр чакырылып, бекер балмуздактар таратылды. 

Майрамдык кечени уюуштурган Чоң-Арык айылылынын айыл башчысы Нурлан Атабеков балдар күнүнө карата  өкмөттүн бюджетинен жалпы алты миң сом акча каралганын айтат:

,,Бюджеттен каралаган акчага балдарга керектүү белектерди сатып алдык.Андан сырткары Кетмен Дөбө айылдык кеңешинин Чоң-Арык айылдындагы депутаттары акча чогултушуп таратылган балмуздактарды алып беришти.Ошондой эле айыл тургундары да  ата-энеси жок ,аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына өз жардамдарын беришти.Коргол мектебинин мектеп директорунун орун басары менен чогулуп балдарга концерттик программа даярдадык.Концертте жогоруда аталгган мектептин окуучулары келип өз таланттары менен балдарга жагымдуу маанай тартуулашты.Майрамдын жүрүшүндө балдарга ,,Менин айылым”темасында сурөт сыныгын жүргүзүп,алдыңкы сүрөтчүлөргө белектер берилди. “

Балдарын майрамдаттууга келген айылдын тургуну Бактыгүл Сүйүнтбек кызы балдар кунү жакшы денгээлде өткөнүн айтат :

,,Биз бул майрамды  жылда   балдарыбыз мене чогуу музей алдында майрамдайбыз.Майрамды уюштуруучуларга, өкмөткө,жалпы аппаратка чоң ыразычылыгыбызды айтабыз.Балдардын майрамы жакшы,аз болсо да өкмөт тарабынан берилген белектерди алып, көңүлдөру куунак ойноп-күлүп жүрүрүштү.”

Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн  балдарына жардам бергендердин бири, айылдын 25 жаштагы тургуну Асель Зарлык кызы  төмөндөгүлөргө токтолду:

,,Мен айылдагы эки окуучуну базарга алып барып 3000сомдой акчага жайкы кийим кечелерин алып бердим.Бул бюерген жардамым биринчиси.Эми жыл сайын балдарга колумдан келген жардамымды берип турам.”

5 жаштагы Элмирбек Казаков сүрөт тартып оюнчук утуп алганын айтат:

,,Мага бүгүнкү күн абдан жакты.Уюштуруучуларга чоң рахматымды айтам”

Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы