“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Акбакай ЖМБнын кабарчылары смартфондорго ээ болушту

6 Июнь 2017 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны: 32

Токтогул районунун Терек-Суу айылында жайгашкан Акбакай ЖМБнын кабарчылары “Мыкты макала” сынагынан жеңген Samsung Galaxy J3 үлгүсүндөгү смартфондорун  2017- жылдын 6- июнунда  алышты. Смартфондорду Клооп Медиа коомдук фондунун кординатору Кызжибек Сыргаева тапшырды.

Мыкты макала сынагы — Бишкек шаарындагы “Клооп медиа” коомдук фондунун журналистика мектебине катышып келген тренерлер өткөргөн сынак. Сынактар 2016-жылдын сентябрь айында башталып, алты айга созулган.

 

Терек-Суу айылындагы Акбакай ЖМБнан 4 кабарчы смартфон жеңип алышкан. Алар:

  1. Терек-Суу айылынын жаш чемпиондору макаласынын автору Азима Нурбек кызы
  2. Терек-Сууда окуучулар жашоочуларды тазалыкка чакырды макаласынын автору Даткайы Эрнис кызы
  3. Терек-Сууда окуучу пульт менен иштеген оюнчук машина жасады макаласынын автору Алтынай Калыбай кызы
  4. Чоң-Арык айылынын жаштары мечитке акчалай жардам беришти макаласынын автору Арууке Бексултан кызы                                                            

Смартфон үчүн алтынчы сынакта жеңип алган Алтынай Калыбай кызы:

“ Бизге сентябрь айында Азима эже тренинг өткөн жана смартфон сынагы тууралуу айткан, ошондон баштап макала жазып, аракет кыла баштадым. “Терек-Сууда окуучу пульт менен иштеген оюнчук машина жасады”, — деген макалам  kloop.kg сайтына чыккандыгы үчүн жеңүүчү аталдым. Одноклассникиден 236 добуш алгам”, — дейт Алтынай.

Смартфон үчүн бешинчи сынактын жеңүүчүчү даткайым Эрнис кызы:

“ Мен одноклассникиден 127 добуш алгам. Чынында аракет кылгам смартфон утканга аябай аракет кылгам . Смартфон сынагы тууралуу Луиза эжеден угуп аракет кылып баштагам”, — дейт Даткайым.

Даярдаган: Гулзина Дүйшөнбек кызы

Редактору: Азима Нурбек кызы