“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек- Суудагы Турусбек атындагы мектепте оңдоо иштери жүрүүдө

27 Июнь 2017 жыл 17:29
Көрүүлөрдүн саны: 163

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №12 Курама уулу Турусбек атындагы орто мектебинде оңдоо иштери жүрүүдө. Жылыга мектепти жайкы каникулда оңдоп, сырдашат. Мектептин класстык бөлмөлөрү толук сырдалып бүткөн.

      mektepti-o-doo.docx

Мектеп директору Кенжекан Аматбекованын айтымында, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат жетпегенине байланыштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Ильяз Чороевге кайрылышкан:

“ Мектепти оңдоо иштери акыркы мамлекеттик аттестациялоо аяктагандан кийин 20- июнда башталды. Мектептин жалпы класстык бөлмөлөрү оңдолуп бүттү, эми фаелер, колидорлор, лестницалар калды. Класстык бөлмөлөрдөгү дубалдарды, парталарды, полдору сырдоо иштери бүтүрүлдү. Мамлекет тарабынан жылыга берилүүчү краскаларга Токтогул райондук  билим берүү тарабынан 63 же 67 миң суммадагы каражат жумшалды. Каражат жетпегенине байланыштуу Кетмен-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Ильяз Чороевге 16-17 миң сомдук краскаларды алып берүүгө кайрылуу жазып жатабыз, эгер алып берсе жалпы жетип калар деген ойдобуз. Оңдоо иштерин ар бир класстын кабинет башчысы жана анын өнөктөшү бар. Мугалимдер өздөрү кылат, ал эми колидор, фае, актовый залдарды мектептин техперсоналдары аткарышат”,- дейт директор.

Ошондой эле Турусбек мектебинин ажатканасы авариялык абалда болгондугуна байланыштуу, жаңы ажаткана салынган. Ал тууралуу директор төмөнкүлөрдү айтып берди:

“ Ажаткана 1 айга жакын аралыкта салынып бүттү. Токтогул райондук спецфонд тарабынан каржыланды 400 миң сом каражат бөлүнгөн. Бирок, ал акчаны биз кармаган жокпуз, жеке ишкер Эрмек Карыпбаевич бардык жабдууларды өзү алып келип, салып бүттү. Мурдагы ажаткананын абалы абдан кооптуу болчу. Биздин мектепте окуган 800 окуучунун бардыгы колдоно турган ажаткана болчу. Анын салынганына 50 жылдан ашып калган. Ички абалы дагы авариялык абалда болгондуктан, балдардын кооптуу болчу. Ошондуктан, кайрылуунун негизинде жаңы ажаткана салынды”.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

«Конкурс үчүн»