“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Токтогулдагы менталдык арифметика курсу

28 Июнь 2017 жыл 11:24
Көрүүлөрдүн саны: 34

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 2016-жылдын апрель айында менталдык арифметика курсу ачылган. Бул курс ачылгандан бери окуучулар олимпиядадан жакшы орундарды алып келген.2017-жылдын 3-июнунда борбор калаада болуп өткөн  республикалык дэңгээлдеги олимпиядада  Элназ Кыштообаева Турция мамлекетинин Анталия шаарында өтө турган олимпиялдага жолдомо алды.

Менталдык  арифметика-бул оозеки эсептөө системасынын негизинде түзүлгөн инновациялык,жогорку эффективдүү интелектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү жогорулатуу курсу.

Менталдык арифметиканын негизги принциби болуп баш мээдеги эки жарым шаарчанын бир убакта иштеши эсептелет.

Менталдык арифметика  сабактары балдардын төмөнкү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрөт:

  • Өз алдынча чечим кабыл алуу жондөмдүүлүгүн.
  • Көңүлбөлүү концентрациясын.
  • Сүрөткө тартып алгыдай эс тутум маалыматты тез кабыл алуу.
  • Өзүнө ишеним.
  • Чыгармачылык аң сезим.
  • Окуудагы ийгиликтер.
  • Элестетүү жана көрсөтүп берүү.

Токтогулдагы менталдык арифметика курсунун окутуучусу Гулиза Жундубаева курса катышуунун баасы айына 2000 миң сом  экендигин айтат:

,,Быйыл эл аралык деңгээлдеги олимпияда өттү.3- июньда.Бул жолкусу абдан жакшы болду,жакшы ийгиликтерге жетишип келдик.1-орунду,2-орунду алдык.Биринчи орунду Мүлкүбат атындагы орто мектебинен Элназ Кыштообаева алып Анталияга жолдомо алды.Экинчи орунду Нургазы Биримкулов атындагы гимназия мектебинен Чынтемирова Айпери алып Ыссык Көлгө 10 кундүк  эс алуу жолдомосун  утуп алды.Төртүнчү орунга финалист деген наминацияда Биримкулов гимназия мектебинен  Алтымыш кызы Бермет ээ болду.Андан сырткары Мүлкүбат мектебинен  Мээримбек Анарбеков,,Талантливый абокус” деген  наминацияга ээ болду.Бул баланын аткарган номери экрандан көрүнгөн  эсептерди күзгүдөн көрүп,тетирисинен чыгарып берүү менен элди кызыктыра алды.Бул алгач Жапоняда, Кытайда пайда болгон.Азыркы убакта 60тан ашуун өлкөдө  бул методика колдонуп ишин алып барып келүүдө.Акча төлөө контрактык  негизде болот. Окуучулардын төлөгөн контрагы окуучулардын озүлөрүнүн форма,китеп,куралдары жана башкаларын каржылоого кетет.Бул курска 6 жаштан 16 жашка чейинки курактагы окуучулар катыша алышат.”

Менталдык арифметика курсуна эки кызын катыштырып,кыздарынын жетишкен и йги ликтерин көрүп сүйүнгөн Айгүл Ондошова төмөнкүлөргө токтолду:

,,Бул курска менин  Роза жана Жибек атту эки кызым катышат. Роза 7 жашта Жибек 8 жашта. Бул курс мага жакты. Баланын аң сезимин эң жогорку дэңгээлде өстүрөт экен.Жакындагы республикалык дэңгээлде болуп өткөн  олимпиядада улуу кызым Жибек   6- орунду багындырып кайтты .Кыздарымдын аракети күч мен булардын келечегинен көп нерсени күтөм “

14 жаштагы Элназ Кыштообаева  олимпиядадан  биринчи орун болуп бирок Анталияга барбай калганын айтат:

,,Мени бул менталдык арифметика курсу көп пайдалуу  жактарга жетеледи.Логикамдын иштеши мурдагыга караганда бир топ жогорулады.Буга чейин деле олимпиядаларда алдыңкы орундарга илинип келгем.Быйылкы болгон республикалык олимпиядада биринчи орун болуп,Анталияда өтө турган олимпиядага жолдомо  жана Ыссык-Көлгө он күндүк эс алуу жолдомосун утуп алгам.Бирок  шартка байланыштуу Анталияга  каражат аз болгондуктан бара албай калдым.Менин биринчи орун болгонум деле районого,айыл өкмөтүнө угулган болуш керек.Бирок алардан эч кандай жардам деле болгон жок.Ал жакка барганда кирүү акысы,жатаканасы , тамак ашы , жол киреси болуп баарын эсептегенде 100 миң сомдон ашкан акча болот экен. Ата энем,окуткан  эжекем  болуп чогуу чечишип барбай турган болдум.Ал эми Ыссык-Көлгө барам.Бул курс мага жагат.Баасы мага туура эле келет.Кымбат эмес арзан  эмес.”

Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы.

Сынак үчүн