“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө аймагынын салык инспектору менен маек

4 Июль 2017 жыл 18:15
Көрүүлөрдүн саны: 726

1-июль салык кызматкерлеринин күнүнө карата кетмен-Дөбө айыл аймагынын улук салык инспектору Урмат Масирбаев менен маек курдук.

Кетмен-Дөбө айыл аймагында канча салык төлөөчү бар?

  • Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу жалпы 1430дан ашык салык төлөөчүлөр учётко кирген

Салыктын кандай түрлөрү бар?

  • Салыктын негизинен 6 түрүн өндүрөбүз. Бул айыл чарба жер салыктары, айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыктары, мүлк салыгы, транспорт салыгы, короо алдындагы турак жайдын салыгы. Негизи биздин милдетибиз ушуларды өндүрөбүз. Өз алдынча патент анан агенттиктен алынуучу патент салыктарды жана сатуудагы салыктарды райондогу салык инспекциясы өндүрөт.

Салыктын канча бөлүгүн жергиликтүү бюджетке которосуздар?

  • Жалпы өндүрүп жаткан салыктын 2 гана түрүн республикалык бюджетке которобуз, калганы бардыгы айылдык бюджетке түшөт.

Жылына салыктан түшкөн каражаттан жергиликтүү бюджеттеин канча бөлүгүн жаба аласыздар?

  • Жергиликтүү бюджетке салыктын бардыгын эле жабабыз.
    Эч кандай толбой калды деген жок.

Мисалы, 2016- жылы салыктын эсебинен жергиликтүү бюджетке канча каражат түштү?

  • Мисалы, 2016- жылы 2648885 сом акча өндүрүү пландаштарылган болсо, 110% ашык аткарылып 2740000 сомго ашык аткарылды. Ал эми, быйылкы жылга пландаштырып жатабыз 2734085 сомго

Бюджетке тушкөн салыкты кимдер бөлүштурөт?

  • Бюджетке түшкөн салыкты бөлүштүрүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусундагы сессияда чечилет. Аны айыл өкмөттүн кызматкерлери бекитилген пландарды иштеп чыгып, сунуш кылабыз, туура эмес жерлерин алар оңдоп, туура деген жерлерин бекитип беришет.

Пландардын аткарылышы кандай?

  • Бизде жылыга белгиленген пландан ашык аткаруу бар, толбой калды деген болбойт. Бүгүнкү күндө мисалы, 5 айга карап көрсөк 134% менен келе жатабыз.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн