Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жаңы өкмөт башчысы февраль айынан бери иш алып барып келет. Өкмөт башчы менен айылдын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу маек курдук.
Кетмен-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысы Ильяз Чороев аймактагы көйгөйлөр тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
“ Кетмен-Дөбө айыл аймагында биринчи көйгөй бул Чоң-Арык жана Терек-Суу айылдарында таза суу көйгөйү. Ошондой эле, айылдын тазалыгы жакшы эмес. Чоң-Арык айылында чоң көйгөйлөрдүн бири бул бала бакча, ушул көйгөйлөрдү чечсек ишибиз алдыга жылат деп ойлойм. Бүгүнкү күндө таза суу маселеси боюнча Чоң-Арык айылында жалпы суммасы 3 миллион 589 миң сомдук таза суу ишке киргени жатат. Эгер, ошол иш аяктаса 60-70% көйгөй чечилип калат деп ойлойм. Ошондой эле, бала бакча боюнча биз бул күнгө чейин “Арис” программасы менен иштешкенбиз, проектисин түзүп, бирок, долбоор жактырылбай, өтпөй келди. Азыркы учурда Чоң-Арык айылындагы бала бакча боюнча атайын эсеп менен иштешип жатабыз, проектиси чийилип, документтери бүттү, эми калган финансылык жагы 2018- жылы каралат деп ишенип жатабыз. Терек-Суу айылында суугат суу көйгөйү канча жылдан бери чечилбей келет. Биз айылдын 80% насос менен суугарабыз. Бүгүнкү күндө элибиздин өздөштүргөн жери көбөйүп, насостон чыккан суу жетишсиз болуп жатат. Бул көйгөйдү чечүүнүн бир гана жолу бар, ал дагы бир насос коюу. Үңкүр насостук станциясы атайын эсептен акча каралып, документтери бүтүп, 1 жарым миллион сом акча бөлүнгөн. Быйыл 30% иши аткарылат деп үмүттөнөбүз. Үңкүргө насос курулса Терек-Суу майылындагы суугат суу маселеси чечилет деп ойлойбуз”.

Өкмөт башчы быйылкы жылы Терек-Суу айылынын жаштарына спорт комплексин куруу планында бар экендигин айтты:
“ Алдыда Терек-Суу айылына жаштарга спорт комплексин курулат деп жатабыз. Бул иштин 50%ы быйыл бүтөт. 2017-2018- жылдары курулуп, 2018- жылы ишке берилет деп убада берип жатышат. Бул дагы атайыни эсептин каражатынан каралып жатат. Быйылкыга 3 миллион сом акча каралган. Документтери бүт такталып бүтүп, тендерге жарыяланды”, -дейт өкмөт башчы.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн