Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Тургун Суранчиев атындагы айылдык ооруканага дарыгерлер жетишсиз.

Тургун Суранчиев атындагы оорукананын башкы дарыгери Айгүл Чотоеванын айтымында, ооруканада бир гана дарыгер бар:
“ Терек-Суу айылында жайгашкан Тургун Суранчиев атындагы оорукана жалпы 14500 адамды тейлейт, эки айыл өкмөттүн элин. Өзү бизде гинеколог, терапевт, педиатр болушу керек, бирок, бизде жалгыз эле педиатр иштейт. Бул маселени чечүү үчүн биз айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш менен биргеликте заявкаларды берип жатабыз, айыл өкмөткө, жогору жактагыларга, тийиштүү мекмелерге кагаз жүзүндө кайрылып жатабыз. Бирок, бизде канча жылдан бери кадрлар маселеси чечилбей келет. Гинекологубуз бар эле, ал дагы частный клиникага кетип калды, азыркы учурда мен жана педиатр экөөбүз иштеп келе жатабыз. Бизге акушер- гинеколог, терапевт, ненатологдор жетишсиз. Ооруканада өзү 23 койка, 10 родильный, 13 соматика бар”.

Ооруканада дарыгерлердин жетишсиздигинен башка суу маселесинде дагы көйгөйлөр бар дейт башкы дарыгер:
“ Бизде суу маселеси дагы көйгөй жаратат. Мисалы, канализациялар иштебейт. Биз дагы проект жазып, ар кайсы жакка кайрылып жатабыз. Бизге суу чыгарыш керек, суу түтүктөрүн жаңылаш керек, ажаткана, жуунуучу жайларды трубалары эскирип калган, ошолорду оңдосок эле, бардыгы калыбына келгени турат. Бирок, акча маселеси тартыш болгондугуна байланыштуу чечилбей келет. Биз айыл өкмөткө, спецфондго заявка жазып жатабыз, ошолордун жыйынтык болсо, чечилет деген оюбуз бар”, — дейт Чотоева.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Конкурс үчүн