aris-programmasy
Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылындагы мектептин,фаптын ремонтуна жана китепкананын салынышында арис программасынын салымы чоң.2017-жылы арис программасы тарабынан айылдагы мал доктурга алыскы жердеги тургундардын малдары ооруганда тезирек дары жеткирип туруу үчүн мотоцикл берилди.
Айылдын ичинде жайгашкан жалпы орто билим берүүчү мектеп 2011-жылы арис программасы тарабынан темир тор менен короолонгон.

Айылдагы мектептин тарых мугалими Өмүр Турсунбаев мектептин короолонушу жөнүндө төмөнкүлөрду айтты:
-Биздин мектеп 93-жылы Союздун ыдырап таркап кткендигине байланыштуу жакшы бүтпөй калган.Айланасы,бак-шагы короолонгон эмес.Ошону 2011-жылы арис программасынын негизинде 1млн 300миң сомго короологонбуз.Анын 123 миңи элдик салым болгон,992миң697 сому арис программасынын салымы болгон.Арис программасына жалпы Коргол мектебинин атынан ,окуучулардын атынан ыраазычылык айтабыз.
Чоң-Арык айылынын китепкана башчысы Роза Жолдошова китепкананын салынышында төмнкүлрдү айтты:
-Бул убакка чейин мектептин имаратында жана почта бөлүмдөрүндө жайгашкан ар жерде көчүп-конуп иштечүбүз.2011-жылы арис программасынын эсебинен 1млн 300миң сомго курулган.Жамааттын салымы 140миң сом болду.2011-жылдан 9-декабрында ушул китепкана ишке берилип андан бери иштеп келе жатабыз.
Айылда №779 үй-бүлөлүк даарыкана пункуту жайгашкан.Фап 1976-жылы курулган.Фапта төрт мед айым тиштейт.
Фаптын ремонту жөүндө Венера Карагулова төмөнкүлөргө токтолду:
-2007-жылы аристин эсебинен фапта ремонт жасалды.Жылуулук системасы боюнча ичин абдан жакшы жасап беришти.Азыр иштегенибизге ыңгайлуу шарт түзүлгөн.Арис программасына рахмат.
Чоң-Арык айылынын мал доктуру Керезбек уулу Дөөлөтбек арис программасына рахмат айтат:
-Мен Керезбек уулу Дөөлөтбек Чоң-Арык айылынын тургунумун.22 жаштамын.Эки жылдан бери айылда мал доктур болуп иштейм.Быйыл арис программасы тарабынан мотоцикл берилди.Азыркы убакта мото биз үчүн жакшы кызмат аткарып жатат.Мотонун жалпы суммасы 53 миң сомду түзөт экен. Бизге ал мото айылдан алыс жайгашкан тооолу жердеги айыл тургундарынын малдары ооруганда даары-дармек жеткирип туруу үчүн берилди.Ариске рахмат.

ДАЯРДАГАН:Бурулсун Уланбек кызы.
Конкурс үчүн.