“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арыкта Дилбар Кулчаева шырдак жасап алдардын бирөөсүн 10миң сомдон сатат.

8 Июль 2017 жыл 18:08
Көрүүлөрдүн саны: 1002
      shyrdak

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылында Дилбар Кулчаева 10 жылдан бери шырдак жасап эмгектенет.Ал шырдак жасоону  өзүнүнүн кайненесинен үйрөнгөн.

Дилбар айым шырдак жасоо көп мээнетти талап кылаарын айтат:

-Мен шырдак жасоодон сырткары машина тигем,төшөк кураштырып сатыкка коем.Шырдакты жасоодо койду кыркып,кылы жок найн жүндөрүн алабыз.Аларды тазалоодо өзүмдүн апам жардам берет,ыскытын басканда дагы апам жардам берет.Ыскыттын баары колго жасалган магазиндикин албайбыз.Бир жылда жок дегенде бир шырдак бүткөнгө аракет кылам.Бир шырдактын баасы 10 миңден.Бул аябагандай көп мээнетти талап кылат,түйшүгү аябай күч.Күзүндө койлор кыркылат көбүнчө күзгү жүн колдонулат,жазгы жүндөр деле колдонулат.Бир шырдакка ичи-сырты болуп 15 килограмдай жүн кетет.Айыл ичинен заказды көп деле беришпейт.Жасап койгондон кийин даярын алышат.Шырдак жасап баштаганыма 10 жылдай болуп калды, андан бери  10дон ашуун шырдактарды жасадым.

Чоң-Арык айылынын тургуну Рано Калыбекова Дилбар айым шырдакты жакшы жасаарын айтат:

-Биз Дилбар мене бир көчөдө турабыз.Дилбар көп жылдан бери кооз шырдакты жасайт . Шырдак жасоо өтө көп эмгекти талап кылат,анын үстүнө азыр базарда килем-паластар кеңири чыгып калды.Бирок ошентсе да Дилбар шырдак жасоо менен алектенет.Бул биринчиден шырдак койдун натуралддык жүнүнөн жасалып жылуу болуп,ден соолугуна пйдалуу экендигигнде.Экинчиден  үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөө.

Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы

Конкурс үчүн