
2017-жылы кар көп жаагандыгына байланыштуу Токтогул районуна караштуу Чоң-арык айылынында ,,Чоң-арык- Тамга-Терек” каттам жолдоруна жер көчкү түшүп, малчылардын жолун бөгөп калган.Малчылардын жайлоого көчүүсүн тездетүү максатында көчкүнү тазалоо үчүн Токтогул рйондук атайын фондунан техника жиберилип,жол толук деңгээлде тазаланды.

Кетмен-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Уланбек Өмүрбаевдин айтымында жолду тазалоого 35 миң сом каражат кеткен.
-Мен 2014-жылдан бери жайыт комитетинин төрагасы болуп эмнектенем.Быйыл Тамга терек участкасында көчкү түшүп агын суулардын кечүүлөрүнө там бою жар болуп мал өтө албай,эл көчүп бара албай,малчыларга абдан кыйын болду.Элдин кайрылуусу боюнча токтогул райондук атайын фондунан техника алып келип,эл өтүүчү жана мал өтүүчү жолду көчкүдөн толугу менен тазалап бердик.Тамга терек жайлоосуна 600 литр солярка,12миң сом акча которулуп,аяк-баягы 35 миң сом каражаттын деңгээлинде жолду бүтүрүп келдик.
Жолду тазалоого атайын фонддон жиберилген тракторист Бакытбек Кадыралиев тазаланган жолдун бир тарабы жар,бир тарабы тоо болуп ,тазалоого кыйын болгонун айтат.
-Токтогул районунда атайын фонд деген организация бар ошондогу оператор погрузчиктин айдоочусу болуп иштейм.Тамга-Терек участкасына бардык.Бир барганыбызда жамгыр жаап кыйналып,бүтүрө албай келгенбиз.Айыл өкмөтүнө жана жайыт комитетине рахмат,элдин жүгүн көтөрүп ошол жолду ачтырышты.2-3 күндө кыйналып элдин жолун ачтырып келдик.Көчкү абдан оор болду.Кар көчүп жерди кошо сүрүп кетиптир.Көчкү төрт жерден түшүптүр.3 жери 15-20метр узунджукта экен ал эми төртүнчүсү 50 метр узундуктагы аралыкка көчкү түшүптүр. 

Чоң-Арык айылынын тургуну Бузурманкул Токонов жолду тазалап бергендерге рахматын айтат.
-Быйылкы жылы көчкү чоң жүрдү,жолдордун баарын шыпырып кетти.Машина өтө албайт жол жабык.Анан жазга маал барышып бульдезор менен тазалашты.Тазаланган жол менен машина өтө албайт дагы деле.Малдар өтсө болот.Жаздагыга караганда жакшы, малдарыбыз өтөт , болгону машина өтө албайт,жол тар.Эгерде көчкү тазаланбаганда ал жерден өтмөк турбай жол көрүнбөй калган.Көчкү абдан көп болуп 150 метрдей жерге көчкү жүргөн.
Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы
Конкурс үчүн.