“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суунун мал доктуруна «Арис» тарабынан каржыланып мотоцикл ыйгарылды

11 Июль 2017 жыл 9:44
Көрүүлөрдүн саны: 689

Токтогул районунун Терек-Суу айылынын мал доктуру Бакыт Чороевге «Арис» программасы тарабынан каржыланган мотоцикл ыйгарылды. Андан сырткары мал доктур менен идентификация жана башка мал оорулары тууралуу  маек кылдык.

      Terek-Suunun-mal-dokturuna-mototsikl-yjgaryldy

Мотоцикл алыс аймактарга барып, малдарды дарылоо үчүн берилди дейт Бакыт Чороев:

“ Терек-Суу айылында 2 ветеринар бар, 2 жогорку ветеринар, 1 ветеринардык санитар. Кетмен-Дөбө айыл аймагынан 2 ветеринар мотоцикл алды, анын бирөө Чоң-Арык айылынын мал доктуру Керезбек уулу Дөөлөтбек, бири Терек-Суудан мен Бакыт Чороев. Мамлекетибиздин жардам берүүсү болду, буга чейин ветеринарлар эч убакта каралбай келген жана дагы сыртка чыгып мал дарылоо үчүн. Жалаң жеке ветеринарларга берилди. “Арис” программасы тарабынан каржыланды”.

Мал доктур идентификациялоо Терек-Суу айылында март айында башталгандыгын айтты:

“ Идентификация 2017- жылдын март айында башталып, толук май айында бодо малдардын жана саан уйлардын 50%нын кулагына бирка басып, базага каттап, акчаларын төгүп бүтүрдүк. Экинчи этабы күзүндө октябрь айында башталат. Идентификация- бул ЕАЕБдин талабына жооп бере турган, заманбап продукция чыгаруу үчүн ушул нерсеге барып жатат. Мисалы, биздин малдын ден- соолугун текшергенге, малды сатканга, мал каттоодон так каттаганга жакшы жардам берет. Идентификациялоодо мал ээси 70 сом төлөйт, 40 сом бирка үчүн кетет, 30 сом ветеринардын эмгек акысы”,- дейт Чороев.

Бакыт Чороев Терек-Суу айылында шарп, кара өпкө оорулары көбүрөөк болуп каларын, аларды алдын алуу үчүн, жазда, күздө эмдөө жүргүзүшөөрүн айтты.

Анын айтымында, малды дарылоого дары- дармектер жетишсиз болгондугуна байланыштуу дарыларды ар ким өзү сатып алат.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн