“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Кетмен-Дөбө айыл аймагында жаңы жуут, кыркым пункту салынды

14 Июль 2017 жыл 8:22
Көрүүлөрдүн саны: 67
      koj-zhuut

Токтогул районунун Кетмен  Төбө  айыл аймагы тоолу болгондуктан, андагы  ар бир тургун мал багуу менен алектенет.Адамдардын саламаттыгы-алар оздөрү багып ,этин жеген малдын саламаттыгы менен түздөн -түз байланышта.Кетмен Төбө  айыл аймагынын Сары-Булак участкасында жаңы жуут-кыркым пункту салынды.

Кетмен Төбө айыл аймагынын улуу  салыкчысы жана жайыт комитетинин бухгалтери Урмат Масирбаев жууттун мал үчүн абдан зарылчылыгы бар экендигин билдирет:

,,-Сары-Булак участкасындагы жуут пунктунун проектисин 2016-жылдын ноябрь айынан баштап эки айдын ичинде түзүп бүттүк.Апрель айынан баштап ишке кириштик.Жуутту реконстукциялоо боюнча 690090 сомдук каражат каралды,анын ичинен 513850сом аристин эсебинен болду.Аристин жайыттарды колдоо борбору тарабынан акча которулду.Жамааттын салымы 35050 сом,ал эми жамаатын жумуш түрундө аткара турган салымы 42050сомду түздү.Жууттагы дары суу куюлган бочканын көлөмү 5 тонна.Бизге ал 5 тонналык суу койдун жуутуна керектүү,убактылуу сууну топтоп турганга керек жанан кышкысын сууну жылытууга керек.Бул жууттун ичине 400 койду айдап келе берсе кенен батат.Себеби,кыркым пунктунун ичине 200койду кыркып чыкканча бул жагы бошоп калат.Ал эми салааардын алдындагы бөмөгө 34-40- кой батат.Малды жуутка салуунцун эң зарылчылыгы-бул малдын ден соолугуна эң чоң таасири бар.Анкени малды жуутка салганда,алар кенеден ,жугуштуу ,кычыткы оорулардан арылат.Ошол эле учурда жүндүн составына тийген даарынын таасири менен чөптөгү күтүп турган  кенелер дагы өлөт.Жалпысынан бочкадагы сууга 2 литр даары кетет.Бул жерди курууда жумушчуну биз жалдаган жокпуз,себеби тендер жарыялаганда ,,Осоо”компаниясы утуап алган.Жумушчуларды ошолор жалдап ,айлыгын  төлөмөк.Жуут 2 айдын ичинде бүттүү,проектиде дагы ошондой жазылган.Терек-Суу айылынан баштап Сары-Булак жуутуна чейин 6км,ал эми Ч0ң-Арык айылынан баштап 8 километрге жакын аралык бар.Жууттун жалпы аянты 30 сотукту ээлейт.Бул элдин суранычы боюнча салынды.Бул жерде мурда эски жуут бар болчу.Биз ошол жуутту реконстукцияладык.Бул жерден койлорду жуугандан кийинки даары суу агып түшө турган ямасы да даяр болчу.Агып чыккан суулар элге эч кандай зыян келтирбейт.Бул жерде баардыгы зооветеринардык эрежелер сакталган.”

-Кетмен Төбө айыл аймагынын мал доктуру Турусбек Таштанкулов жуутка келгендер ар бир кой башына  10 сомдон акча төлөйт экендигин  айтат:

,,-1997-жалдан бери биздин дуут бузулуп,иштебей жараксыз болуп калган. Чоң-Арык жана Терек-Суу айылдарынын элдери суранып,жуут салынды.Койлор ооруп  малдын өлүмү көп болуп эл кыйналды.  Бул жуут койлордун котурун басат.Нетсидол деген даары менен жууйбуз.”

Чоң-Арык айылынын тургуну Эсен Бузукеев жууттун салынгандыгы үчүн  жалпы жамаатка ыраазычылыгын  билдирет:

,,-Бул жуутун салынышы биз үчүн жакшы болду.Бул бизге абдан керек.Койлорубуз жуутка салынбай котур болуп ар кандай оорулар менен ооручу.Койлорду жйытта жайылып жүрөт.Ошол жактан кене жугат экен,аны эч ким даарылай албайт экен.Айыл өкмөтүнө рахмат .элдин акыбалын ойлдоп ушуну салып бергендиги үчун.Буга чейин аптекадан дары алып кеоип көрүнгөн жерге алып барып,жуутка салдырчубуз.Жууттун малга болгон пайдасы абдан көп экен.Мурда аябай алыс жерге алып барып салчубуз.Эми озүбүздүн жуутка салабыз,дарылайбыз.”

Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы

Конкурс үчүн.