“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылындагы Жерге-Тал участкасына жаңы жол салынат

14 Июль 2017 жыл 7:32
Көрүүлөрдүн саны: 41
      TEREK-SUUDAGY-ZHOL-O-DOLOT

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын Жерге-Тал участкасынын жолдоруна 30-40 жылдай убакыттын жүзү болду.Бүгүнкү күндө жолдун эскилиги жетип,жаңы жол салынуу алдында турат.

Жол салууну өз колуна алган 35 жаштагы Терек-Суу айылынын жайыт комитетинин мүчөсү Гүлжигит Кудабаев жолду оңдоо иштери жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду:

,,-Мен Жерге-Тал участкасында жашайм.Биздин айылдагы эң көйгөйлүү маслелердин бири,жолубуздун көп жылдан бери бузук болгондугунда.1992-жылы көпүрөбүздү сел алып кеткен,ошондон бери көпүрө жок кыйналып келебиз.Азыркы жолубуздун абалы аябай начар.Жамгыр жаап, кыям жүрүп суулар жолду начар абалга келтирип кеткен.Андан сырткары элдин огороддорунан агып чыккан суулар дагы жолду бузду.Бугүнкү күндө төрт тараптуу  жардам менен жаңы жол салганы турабыз.Бир тарабы атайын фонддун эсебинен,ошолордун техникасын алып иштетебиз.Андан сырткары жайыт комитетинен,жергиликтүү өкмөттүн бюджетинен жана элдин салымы болот.Жерге-Тал жолунун узундугу 15 чакырымды түзөт.Азыр жолду тоонун күнгөй тарабы менен салдырганы жатабыз.Жерге-Тал участкасында 20 га чукул түтүн жашайбыз.Жол болбосо жашоо кыйын экен.Азык түлүк ташйыт экенбиз,малга тоют,ар кандай маселелер болуп калат экен.Кышкысын каттаганга такыр мүмкүнчүлүк болбой калат.Элдин кыйналгандыгынан улам жолду оңдоого аракет кылып,бүгүнкү күндө максатыбызга жеткени турубыз.Болжол менен жол салууга 200 миң сомдой каражат кетет.Жумушчулар өзүбүздүн жергиликтүү тургундар,алар өздүк салымдын эсебинен иштеп беришет.”

Терек-Суу айылын 53 жаштагы тургуну Бүмаржан Эшенкулова жаңы жол салынса жергиликтүүлөргө жакшы болгону турат дейт:

,,-Жол биздин айылдагы эң көйгөйлүү маселелердин бири блуп жатат.Ушул Жерге-Талда менин балдарым жашайт.Огороддору,мал чарбачылыгы баары ушул жакта.Биздин жол абдан начар.Ушул жакка жаңы жол салабыз деп аракет кылып жатышат.Ошого өкмөт тарабынан көмөк көрсөтүлсө жакшы болмок.Жолдон  жүк машина менен өтө албайсың,жүк менен эч жакка бара алышпайт.Кышкысын жеңил машина дагы  каттабай калат.Анан ат менен катташат.Эми ушул жолубуз оңдолүп калса балдарыбыз машина менен каттап калат эле.Былтыр кыш оор болуп  чөптүн ар бир кибин машина менен ташыганбыз.”

Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы.

Конкурс үчүн.