“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу: Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт

14 Июль 2017 жыл 14:51
Көрүүлөрдүн саны: 103

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасы жаңы имаратка көчөт. Жаңы имаратты сунуштун негизинде Терек-Суу айылынын тургуну  Калмурат Чотоев салууда.

      Terek-Suudagy-Kompanon-bankynyn-saktyk-kassasy-zha-y-imaratka-k-ch-t

Компаньон банкынын сактык кассасынын башчыс Аксен Досалиевдин айтымында, 1- августта жаңы имаратка көчүшөт:

“ Банктын жаңы имараты биздин сунушубуз менен салынууда, анткени, бизде канчалык кардарлар көбөйгөн сайын, бизге ыңгайлуу болушу үчүн, жаңы имаратты банктын проектисине тиешелүү кылып салдырып жатабыз. Биз буйрутма менен Калмурат Чотоевге  салдырып жатабыз, өзүнүн акчасына салып жатат, биз аренда төлөйбүз аларга, жеке менчик болуп салынып жатат. Май айында курулуп башталды, буйруса, июль айынын аягында курулуп бүтөт. 1- августтан баштап жаңы имаратка көчөбүз”,- деди ал.

Калмурат Чотоевдин төмөнкүлөрдү айтты:

“ Банкты Компаньондун жетекчилеринин сунушу менен салып жатам. Жолдун боюнда болуп аларга ылайыктуу болгондугу үчүн салып жатам, арендага берем. Май айында баштаганбыз, буйруса июль айында курулуш иштери аяктайт. Компаньондун ичи 4 бөлмөлүү, проектисин өздөрү чийип беришти”, — дейт ал.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн