“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Сууда ардагерлер пенсиясын Компаньон банкынан алууда

14 Июль 2017 жыл 14:42
Көрүүлөрдүн саны: 77

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ардагерлер пенсиясын 2016- жылдын август айынан бери Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынын сактык кассасынан алышууда. Ардагерлердин айтымында, аларга банктан алуу ыңгайлуу.

      Terek-Suuda-ardagerler-pensiyasyn-Kompanon-bankynan-alyshuuda

Компаньон банкынын сактык кассасынын башчысы Аксен Досалиев төмөнкүлөрдү билдирди:

“ Биздин компаньондон Терек-Суу айылындагы ардагерлер 2016- жылдын август айынан бери алышууда.  Биздин банктан алуу аларга ыңгайлуу, Токтогулдагы банктарга барганда жол кире жана убакыт кетет. Бизден каалаган убагында келип алып кетет. Ыңгайлуулугу убактысын үнөмдөйт, 15 минутада келип алып кетет, Токтогулга барып келиш үчүн алар 1 күндүк же жарым күндүк убактысын коротушат. Ар бир айдын 11инде ар бир банкка пенсиянын акчасы түшөт. Азыркы убакта бизден 300 пенсионер карточка менен алат. Пенсионерлер мурда Токтогул шаарындагы ар кайсы банктан жана почтадан алышчу. Азыр Терек-Суу айылында жайгашкан Компаньон банкынан алуу ыңгайлуу болуп, бардыгы бизден алып жатышат”,- дейт ал.

Аксен Досалиевдин айтымында, сентябрь айынан баштап Терек-Суу жана Чоң-Арык айылынын мектебиндеги мугалимдер айлыгын жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде жакынкы арадан баштап жөлөк пул алуучулар дагы акчасын Компаньон банкынан алышат.

Ардагер мугалим Калчоро Касымовдун айтымында, ал пенсиясын 10 жылдан бери банктан алат:

“ Мен 10 жылдан бери пенсиямдын акчасын банктан алам. Себеби, банктан күндө барсаң дагы түндө барсаң дагы, Бишкектен барсаң дагы бардык жерден, каалаган убактыңда ала аласың”,- деди ал.

Ардагер Жийдебү Бегалиева төмөнкүлөрдү айтты:

“ Пенсияны банктан алып жатканыма 3-4 ай болуп калды. Почта кечиктирип бергендиги үчүн банкка өттүм. Банкта ар бир айдын 10унан кийин ала берсеңер болт дегенинен банкка которулдук. Мага банктан алган ыңгайлуу”.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн