“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суудагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев

14 Июль 2017 жыл 14:47
Көрүүлөрдүн саны: 67

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы 17 жылдык тажрыйбасы бар таксист Жумашбек Кулушев Терек-Суу айылынан Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташыйт. Көп жылдык тажрыйба жагынан ал менен ат салыша турган таксист жок. Дээрлик Терек-Суу айылынын ар бир тургуну анын кардары болгон.

      Terek-Suudagy-17-zhyldyk-tazhryjbasy-bar-taksis-ZHumashbek-Kulushev

Жумашбек Кулушевдин айтымында, ал Бишкек- Ош жолунун боюндагы ашканалардын биринен дайымкы кардары болгондугу үчүн приз алган:

“ 17 жылдан бери Бишкекке каттайм. 2000- жылдан бери үй- бүлөнү багып, таксист болуп эмгектенип келем. Таксисттик кесиптен түшкөн каражатка үй- бүлөнү багууга болот, өкмөттүн жумушунда иштеп, 5миң 10 миң айлыкты карап отургандан көрө, мен үчүн таксист болгон жакшы. Өмүрүмдүн жарымы Бишкек- Ош жолунда өткөнүнө өкүнбөйм. Таксисттик кесиптин жакшы жактары, финансы жагынан кыйналбайсың. Жаман жактары деле бар, “Жол азабы- көр азабы”,- демекчи кыш болот, суук болот, жол тайгак болот, ар бир кардарды аман- эсен жеткириш керек, жоопкерчилик мойнуңда болот. Кардарларыма ыңгайлуу болушу үчүн, машинанын акыбалы жакшы болушу керек, машинаны таза карайм, телевизор коюп койгом, магнитофон койгом, жакшы ашканаларга токтотуп, эс алдырып дегендей. Таластык “Лепата”, — деген кафеден 2012- жылы дайымкы кардары болуп, аларга кардар алып келгеним үчүн DVD белек кылышкан. Андан башка кээде акчалай сыйлыктар болуп калат кафелерден”,- дейт ал.

Жумашбек мырза таксисттик кесибиндеги кызыктуу окуяларынын бирине токтолуп өттү:

“ 2015- жылы жаңы жылдын астында кардарларым менен Суусамырда  кетип жатып, машинам бузулуп, кыштын суугунда 2 сааттай жолдо калганбыз. Машинамды СТОго таштап, кардарларымды ар кайсы таксисттерге дайындап, тараткам”.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн