“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суудагы тиричилик техникаларын оңдогон Мадыш Шайдылдаев

14 Июль 2017 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны: 55

Токтогул районунун Терек-Суу айылынын тургуну Мадыш Шайдылдаев 2 жылдан бери үй тиричилик техникаларынын бардык түрлөрүн оңдоп келет. Анын кардарларынын айтымында, ал сапаттуу, арзан баада жана кыска убакытта оңдойт.

      Terek-Suudagy-tirichilik-tehnikalaryn-o-dogon-Madysh-SHajdyldaev

Мадыш Шайдылдаевдин өзүнүн 42 жылдык тажрыйбасы бар кесиби электрик:

“ Мен 2012- жылы эмгек өргүүсүнө чыккам. Бирок,2011-жылдан баштап  жетекчилер ал-күчүңүз барда иштей бериңиз дегендиктен,  М-1 насостук бекетинде инженер-электрик болуп иштеп жатам. Колум бош убакта үйдө жөн отурбай 2 жылдан бери элдин майда-чүйдө үй техникаларын оңдойм. Эл көнүп калды тиричилик техникалары бузулса, алып келишет, рахматын айтып алып кетишет, мен элге ыраазымын. Тетиктерин шаардагы балдарым салып жиберишет, мен бул жакта элдин муктаждыгын канаатандырып жатам”.

Ал тиричилик техникаларын оңдоо анын хоббиси экендигин айтты:

“ Бул мен үчүн хобби деп эсептейм, пайдасына деле кызыкпайм, “рахмат”,- деген сөз уксам ошол жетиштүү. Мисалы, эгер мен оңдобосом, районго барып оңдотуп келишсе, жол киресине 200 сом акча коройт. Эгер, бузулган техниканын себебин таап оңдосом, анда акчасын 50 сомдон ашырбайм, тетик керек болсо, тетиктин баасын айтам, ошонун үстүнө 50 сомду кошом, эл дагы туура түшүнөт. ”

Анын кардарларынын бири Сабишбү Ормонбекованын айтымында, Мадыш мырзага Терек-Суу айылынан гана эмес, коңшулаш айылдардан дагы кардарлар келишет:

“ Шайдылдаев Мадышты эң жөндөмдүү электрик деп ойлойм, себеби, Терек-Суу айылындагы бардык үй тиричилигине керектүү техникаларды оңдойт. Кыска убакта, сапаттуу, арзан баада оңдойт. Бир гана Терек-Суу айылы эмес, Чоң-Арык коңшулаш айылдардан дагы келип оңдотуп кеткендерди көрүп жүрөм”,- дейт Ормонбекова.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы

Конкурс үчүн