Токтогул сууу сактагычынын сыйымдуулугу 19.5 млрд кубометр,аянты 284 чарчы километр.Быйыл, 2017-жылы кардын жана жаан-чачындын көп болгондугуна байланыштуу,Токтогул суу сактагычында суу көп болуп,көл жээгинде жер баккан дыйкандардын мээнети суу астында калды.
Кетмен Төбө айыл аймагынын улуу салыкчысы Урмат Масирбаев суу сактагычтагы быйылкы суунун көлөмү жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду:
,,-Быйылкы жылы кардын,жааандын көп болгондугуна байланыштуу, суунун көлөмү 19.5млрд кубометрге жетет деген болжол бар болчу,бүгүнкү күндө ошол деңгээлге жетти.Ошого байланыштуу биздин айыл өкмөттүн тургундары мурда суу баскан жерди айдап пайдалынып жүрүшсө,биздин эскертүүбуз менен быйыл көпчүлүк жерлер айдалган жок.Ал эми айрым жерлеринде суу келсин,келбесе жок деп айдап алган жерлер бар.Ошол жерлерди суу басып жатат.Мурда буга чейин Үңкүр участкасынды 20-30дай киши 50-60 гектар жерди айдачу,ал эми Сары-Булак участкасында 30дай киши 40 гектардан ашык жерди айдап иштетишчү.Быйылкы жылы ал жерлердин дээрлик көпчүлүгү айдалган жок.Аты айтып тургандай бул жерлер суу фондусунун жери,суу фондусунун жерин пайдалануу суу чарба министрлигине баш ийет. Бул жерлер айдалган шартта биз жер айдагандардан салыгын да,соц.фондусун да жана башка арендасын дагы доолабайбыз .Анткени суу басып кетсе өзүлөрү кайыл болот.Суу баспай калса,айдаган жеринин түшүмүн алышат.Быйылкы жылга салыштырмалу,былтыр ушул маалда 14.5 кубометр суу бар болчу.Быйыл андан 5-6 млрд кубометр суу ашыкча топтолду.Ошондуктан былтыркы айдап жүргөн 70-80-гектар жерлер айдалбай калды.»
Терек-Суу айылынын тургуну Калмурат Чотоев тобокелге салып,быйыл көл жээгинде 50 сотук жерге какртошка айдаганын айтат:
-Мен былтыр көл жээгине 3 гектар жерге картошка,беде айдагам.Буга итапкан чыгым кетет.Ошого жараша жердин кыртышы жакшы болгондуктан абдан жакшы тушүм алгам.Быйл болсо көл жээгине 50 сотук жерге картошка айдагам.Көл көбөйүп жерди басып келе жаткандыгына байланыштуу,бышып жетиле элек түшүмдү касууга туура келип,улам-улам көл басайын деп калган жерди казып сатып жатабыз.Көл өзү деле толо турган чегине жетейин деп калды.Азыр көлдүн толо турган чегине 10-20 метр дей эле жер калды.Бул жерге картошка эгиш үчүн килограмын 30 сомдон 1.5тонна урук алганбыз.Айдаткан акысы,соляркасы,катошканы даарысы болуп көп эле чыгым кеткен. Пайдасы түшпөсө дагы быйыл картошка кымбат болуп,кеткен чыгымды жаптык.Улам 500килограмдан казып, 20 сомдон өткөрүп жаттык.Дагы казыла элеги бар .Эми көл дагы толот,каортошка дагы түгөнөт.Ал жердин кыртышы жакшы болуп,көл баспаган жерге караганда түшүмдү жакшы бергендиктен ушундай тобокелдикке барабыз.Көл тартылса эмдиги жылы дагы айдайбыз.



Ошол эле көл жээгине картошка айдаган Терек-Суу айылынын тургуну Максат Медетбековдун жубайы Бактыгүл Байысова картошканын түшүмү аны айдап себүүгө кеткен чыгымды зорго актагандыгын айтат:
,,-Былтыр көл жээгине көп эле жерге картошка айдаганбыз.Тушүмү жакшы болуп ,сатып,бир топ киреше алганбыз.Быйыл 25 миң сом чыгым кылып какртошка айдаганбыз. Чынында көлдун келерин, билгенбиз .Биз токтоп калат болуш керек деп үмүт кылганбыз. Бирок көл басып,азыр толо турган чегине жетейин деп калды.Бизге ,көл баса турган болуп калганда,толук бышып жетиле элек картошканы касууга туура келди.Жок дегенде айдоого,үроөнгө кеткен чыгымды актап калсын деп казып саттык.Жакшы баада эле саттык.Озүнө кеткен чыгымды актады.Мен жолдошума жакшы эле айттым эле, бирок ал бар тобокел көрөбүз да деп айдап койгон.Эгер көл былтыркыдай эле деңгээлге келсе анда жакшы киреше алмакпыз.Утур-утур 5 кап,10 каптан казып базарга алып барып сатып жатып түгөттүк.Азыр ал жер таптакыр көрүнбөйт ,көл астында калды,биз нөл-нөл жетишип калдык.Былтыр айдаганыбызда озүнө кеткен каражаттан ашып жакшы пайда көргөбүз.Эгерде картошкабызды суу баспаганда дагы бир айдан кийин казмакпыз,өзү толугу менен ошондо бышмак.»
Картошка айдаган дыйкандар анча-мынча картошкасын сатып,кетирген чыгымдарын актап алышты.Ал эми ошол эле жерге жүгөрү,күн карама айдаган айрым дыйкандардын эмгеги текке кетип,тушүмү суу астында калды.Себеби алар сентябрь айында бышып жетилмек.


Суунун көбөйүшү тобокелчиликке салган айрым дыйкандардын эмгегин курмандыкка чалганы менен ,жакшы жагы, эмнеси болсо да суу сактагычыбызда суунун кору(запасы) быйыл абдан көп.Демек,быйыл бизде жарык өчпөй,электр энергиясынын акыбалы жакшы болот деп үмүттөнөлү.
Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы
Конкурс үчун