“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Сууда курман айт майрамы майрамдалды

1 Сентябрь 2017 жыл 17:04
Көрүүлөрдүн саны: 24

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылынын 1983- жылкы жигиттери курман айт майрамына карата Курама уулу Турусбек мектебине майрам уюштурушту. Майрамда спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулуп, майрамдын катышуучуларына тамак жана балмуздактар таркатылды.

      Terek-Suuda-kurman-ajt-majramy-majramdaldy

Бул иш- чаранын уюштуруучуларынын бири Гүлжигит Кудабаев, курман айт майрамында аза күтпөй, шаңдуу майрамдоо керек экендигин айыл тургундарына жеткирүү негизги  максат болгондугун айтты:

“ Биринчиден Терек-Суу айылынын тургундарын кирип келген курмана айт майрамы менен куттуктайм. Бул иш- чаранын максаты,негизинен айыл жергесинде айт күндөрүн аза күтүү күнүнө алмаштырып алдык да, кыркылык, жылдык өткөрүп, а негизи айт майрамында оюн- зоокторду уюштуруп, бири- бириникине айттап барып майрамдаш керек да, шарты ошондой экен да, мына ушул нерсени элге жеткирүү негизиги максат болгон. Бул иш- чараны жылыга өткөрүү боюнча сүйлөшүп, эстафета кылып, кийинки жылкыларга өткөрүп берип жатабыз, кийинки жылкыга. Биз негизи мындан дагы көп эл күткөнбүз, бирок, жетиштүү эле эл келди деп ойлойбуз”.

Ал уюштурулуп жаткан мелдештер тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

“ Бул майрамда ар кайсы спорттун түрлөрү боюнча мелдештер болот. Мисалы, волейбол, футбол, шахмат, ал эми, улуттук оюндардан, ордо, аркан тартыш болот. Өзүбүз классташтар менен чогуу демөөрчүлүк кылып жатабыз. Жалпы 40000дин тегерегинде каражат кетти, ал эми, байге фонду 20 миң сом. Бул майрамдын катышуучулары 1- 90 жашка чейинкилер, мындайча айтканда, айыл тургундары баары келип, даам ооз тийип, майрамага катышса болот, ал эми мелдештин катышуучуларын экиге бөлдүк жаштар 34 жаштан ылдыйкылар жана карылар 35 жаштан жогоркулар”,- дейт Кудабаев.

Гүлжигит Кудабаев, алдыда айт майрамдарында жылыга эстафета сыяктуу ар бир жылкылар майрам уюштуруу пландары бар экендигин айтты.

Майрамдын катышуучусу Урматбек Ашырбаев, төмөнкүлөрдү айтты:

“ Жакшы саамалыкты баштап,  1983- жылкы агаларыбыз курман айт майрамына курмандык чалып, айылдын элинин көңүлүн көтөрүү максатында майрам уюштуруп берип жатышат. Жылыга негизинен мындай нерсе болчу эмес, эми мындан ары буйруса, айылдын жаш муундары ушул демилгени көтөрүп, мындан ары уюштурулуп тура турган болду”,- дейт Ашырбаев.

Даярдаган: Азима Нурбек кызы