Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында ар аптанын жума күндөрү базар болот. Базар тууралуу маалымат алдык.
Бул базардан Токтогул шаарынын жана 6 айылдын соодагерлери келип, сода кылышат.Андан сырткары ошол эле Терек-Суу, Чоң-Арык, чолпон-Ата, Кара-Күнгөй, Ак-Тектир, Мазар-Суу айылынын тургундарына ыңгайлуулук жаралат, себеби, керектүү азык- түлүк, кийимдерди райондун борборуна барып, жол кире коротпостон, ушул жерден ала алышат.
Башында мал базар болуп башталган, кийинчерээк Токтогулдан соодагерлер келип, кийим- кече, азык- түлүк сатып башташкан.
Базардын 2003- жылдан берки башчысы Кенже Жангарева төмөнкүлөрдү айтты:
«2003- жылы сатып алганбыз. Токтогулдан жана бул жактагы 6 айылдан соодагерлер жана кардарлар келишет. Соодагерлер жумасына бир күн үчүн товарына жараша жана ээлеген ордуна жараша ижара төлөшөт. Биз өзүбүз айына түшкөн акчаны 3%ын салыкка төлөйбүз. Базардын тазалыгын өзүбүз көзөмөлдөйбүз»,- дейт Жангараева.
Соодагер Анара Шатманованын айтымында, базардын шарттары аны канааттандырбайт:
“ Базардын тазалыгы жакшы эле, бирок, шарттары канааттандырбайт, үстүлөрү ачык, жамгырда суу өтөт, ысыкта көлөкө жок. Өзүбүз үстүбүзгө материалдарды жаап алып отурабыз. Навестерди коюп, шарттарын жакшыртышса жакшы болмок”,- дейт ал.
Терек-Суу айылындагы базарда 10 жылдан бери соода кылган Зайырбек Шатманалиев, базардын тазалыгы жана шарттары аны канаттандыраарын айтты.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы