Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участкасынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиевдин айтымында, айылдагы оорулуу, мүмкүнчүлүгү чектелген жана башка себептер менен шайлоого келе албаган 35 жаран бүгүн 14-октябрда алдын ала добуш берүүдө.
Шайлоо участкасынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиев мындан башка баардык даярдыктар бүткөнүн да кошумчалады:
“Быйылкы президенттик шайлоого жаңыдан кошулган шайлоочулардын саны 50дөн ашат. Көчмө ящик менен 35 адам шайлайт. Учурда көчмө ящик менен шайлоо жүрүп жатат. Шайлоого даярдык боюнча: техникалар келген, автоматтык эсептөөчү урналар, идентификациялык аппараттар дагы даяр. Эгерде, электр энергиясы үзгүлтүккө учураса, атайын генераторлор бар, ошолордун жардамы менен, шайлоо улана берет”,- дейт төрага.
2017- жылдын 15- октябры Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо күнү.
Кетмен-Дөбө айыл аймагында 2 шайлоо участкасы бар: Терек-Суу жана Чоң-Арык. Терек-Суу айылында 2145 шайлоочу катталган.
Даярдаган: Акбакай ЖМБ, Азима Нурбек кызы