“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Терек-Суу айылында президенттик шайлоо болуп өттү

17 Октябрь 2017 жыл 11:09
Көрүүлөрдүн саны: 61

Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында жайгашкан №2229 шайлоо участкасында президенттик шайлоо болуп өттү. Таңкы саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин Акбакай жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары шайлоонун жүрүшүнө көз салып олтурушту.

Терек-Суу айылында 2145 шайлоочу болгон кечки саат 20:00гө карай, алардын 1165и добуш берген.Жалпы- 1165 бюллетень, алардын 10у жараксыз деп табылган.

Техникалардан жаралган маселе жана кезек күтүүлөр болгон жок.

Тизмеден өзүн таппай калган жарандардын саны 40, алардын бирөө базада жок болгон, калганы башка УШКда катталган.

№2229 шайлоо участкасынын төрагасы Сүйүнтбек Нургазиевдин айтымында,шайлоочулардын 52%га жакыны өз добушун берген.

Байкоочу Уулкыз Элооеванын айтымында, шайлоо тынч, мыйзам бузууларсыз өткөн:

“ Элдин шайлоого келүүсү жакшы болду. Мен өзүм байкоочу болуп олтурдум, эч кандай мыйзам бузууларга күбө болгон жокмун.Тынч, жакшы, ирееттүү өттү”,- деди байкоочу.

Даярдагандар: Азима Нурбек кызы, Луиза Айтымбетова