Токтогул районундагы Чоң-Арык айылына караштуу Кырк-Казык участкасында билим берүу борборунун салынышы алты жылды артка калтырды.Мектептин бүтүп, ишке киришин күткөн окуучулар учурда аралыгы 9 км болгон Чоң-Арык айылындагы мектетен билим алышат.
Айылдын тургуну Камчыбек Насипбековдун айтымында окуучулардын тарткан кыйынчылыктары алардын алыс жолдо барып келип окугандыгы:
,,Айылыбызда мектептин жоктугу биз үчүн абдан чоң кйынчылыктарды алып келүүдө.Көбүнчө кышында кыйналабыз.Айылда чөө,түлкүлөр бар.Кышкысын балдарыбыз мектепке караңгыда барып келип окушат.Кээ бирлери жолдон чөө көргөндөрүн айтып келишет.Ата-энелер балдарыбызды ат менен окууга алып барып,алып келебиз. Мектебибиз салынып бүтүп калса бизге дагы,окуучуларга да жакшы болмок.”
Кырк-Казык айыл участкасынын айыл башчысы Урчеке Кенжебаев мектеп эмне үчүн ишке кирбегендигин айтты:
,,Мен 2014- жалдан бери Кырк-Казык айылында айыл башчы болуп иштейм.Айылда учурда 48 кожолук калк жашайт.Жер участогу 67 кожолукка пландалган.2012-жылы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан атайын фонддун эсебинен мектептин долбоору даярдалып ,курулуш иштери 2012-жылы жазында башталган.Башталгыч классттын окуучулары үчүн ылайыкталган метеп.Учурда Мектептин ичи-сырты сырдалып, көпчүлүк иши бүтүп калган.Парта,отургуч доскалар келсе,мектептин айланасы коргондолуп ,спорт аянтчасы курулса метеп толугу менен бүтөт.Айыл жери малга жайлуу жакшы жер.Токтогул райондук борбодон 42 км,Чоң-Арык айылынан 9 км алыстыкта жайгашкан.Кышкысын кар абдан оор түшөт.Айылдан айылга каттап балдардын билим алуусу абдан кыйын.»
1-класстын окуучусу Эльзада болсунбек кызы мектептин бүтүшүн абдан күтүүдө:
,,Азыр биздин эң биринчи кыйналганыбыз алыска барып-келип окуу болуп жатат.Мектепке атам алып барып келет..Мектебибиз бүтүп калса ата-энелерибизди кыйнабай өзүбүз-барып келип окуп калат элек.»
Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы.
Мыкты макала сынагы үчүн.