“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Эки айылдын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды.

1 Май 2018 жыл 13:51
Көрүүлөрдүн саны: 85

Токтогул районундагыЧоң-Арык айылында  Уста-Сай суусуна Чолпон-Ата жана Чоң-Арык айылдарынын жайыттарын байланыштырган көпүрө салынды. Көпүрөнүн салынышы малчылардын жана окуучулардын тйүшүгүн азайтты.

Айылдык кеңештин депутаты  Өмүр Турсунбаев көпүрө элдин суроо талабы боюнча салынгандыгын айтат:

,,Бул көпүрө айлдын четки көчөлөрүнүн бири Ташболот көчөсүнун тургундарынын суроосу боюнча салынды.Ташболот көчөсүндө 40тан ашык түтүн бар.Ошол 40 түтүндүн койлору, уйлары ушул көпүрөдөн өтүп жайытка чыгат.Андан сырткары суунун аркы четинде 7-8 түтүн эл бар.Алардын мектепте окуган балдары ушул көпүрөдөн өтүп мектепке келип турушат.Мурда суу көбөйгөндө,жазында суу киргенде өтө алышчу эмес,эки эле жыгач бар болчу ал жыгачтан кулап кеткен учурлар болгон.Кошуналардын көптөгөн малдары суудан агып элге зыяны көп болчу.Негизинен бул жерден Ташболот көчөсүнүн малы гана эмес Чоң-Арык айылынын жарымынан көбүнүн малы өтөт.Жалпысынан көпүрөнүн салынып бүтүшүнө 60 миңдин тегерегиндеги каражат кетти.Анын ичинде элдик салым,өкмөттүн салымы да бар.»

Ташболот көчөсүнүн тургуну Токтомамбет Султанкулов көпүрө туурасында төмөнкүлөргө токтолду:

,,Кудай буйруса көпүрөнүн салынышы элге абдан чоң пайда алып келет деген ойдобуз.Элдин жакшы турмушун ойлоп Чоң-Арык айылынын депутаты Өмүр Турсунбаев көпүрөнү салуу демилгесин уюштурду.Биз айыл тургундары катары аны колдоп колубуздан келген жардамыбызды аяган жокпуз. Көпүрө күз айларында салынып бпштаган эми мына минтип жазга жуук бүтүп да калды.Абдан кубанычта болуп жатабыз.»