“Ак-Бакай” жамааттык мультимедиа борбору

Токтогул району, Терек- Суу айылы

Чоң-Арыкта жаштар айылы үчүн кызмат кылышууда

30 Сентябрь 2018 жыл 17:19
Көрүүлөрдүн саны: 92

Токтогул районуна караштуу Чоң-Арык айылынын жаштары айылдын ички жолдорун оңдоо үчүн көчөлөргө кумдуу топурак төктүрүп беришти.Төгүлгөн топуракты мектеп окуучулары  жайып ,түздөштү.

Бул туурасында Чоң-Арык айылынын тургуну Алтынбек Табылганов Төмөдөгүлөрдү билдирди:

,,Биз бир туугандар   бирдикте жакында өзүбүзгө эки ,,HOWA” үлгүсүндөгү унааларды сатып алганбыз.Эң алдын  бул унаалар менен элибизге,айылыбызга кызмат кылып коюну туура көрдүк.Көпчүлүк айыл тургундарынын пикири боюнча айылдын ички жолдоруна топурак төгүү  маанилүү экендиги маалым болду.Айыл өкмөтү Чоң-Арык айылынан бир,бир жарым чакырымдай алыстыкта турган  карьерден топурак алууга уруксат берди . Айылдын жаштары демилге кылып майын куюп беришти,биз айылдын баардык көчөлөрүнө жетиштүү кылып топурактарды төгүп бердик.Эл чүн кызмат кылуу биздин парзыбыз деп түшүнөм.Кудай буйруса эл үчүн,айылыбыз үчүн  дагы көп-көп кызмат кыла бермекчибиз.,,

Айылдагы жаштар уюмунун уюштуруусусу  Ази Тилепов жолдорду о ңдоо үчүн кеткен каражат айыл жаштарынан чогулгандыгын   айтат:

,,2018-жылды биздин президентибиз аймактарды өнүктүрүү жылы деп белгиледи.Ааламга жол айылдан башталат демекчи  айылыбызды өнүктүрүү,жарыктандыруу максатында жолдорду оңдотуп жатабыз.Айылдын 18 жаштан 40 жашына чеийнки жашатры колдорунан келишинче акчалай жардамдарын берип жатышты. Түшкөн каражат менен машинанын майын жана топурак жүктөп берүүчү погрузчиктин каражатын  төлөп бердик.Биздин көчөлөрдүн кээ бирлери унаалар кире алгыс болуп калган .Элибиздин суроо талабы боюнча көчөлөргө  топурак төктүрүп ,жолдорду түздөп жатабыз.Мындан тышкары жакында элибизге салым кошуу максатында социялдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарына,жалпысынан 10чакты окуучуга окуу жылына бир сыйра кийимдерин алып бердик.Келечекте  дагы көптөгөн пландарыбыз бар,ошол ойлорубузду ишке ашыруу үчүн талыкпаган эмгектерибизди жумшайбыз.,,

Чоң-Арык айылынын тургуну  Алтын Мокоева  жаштардын  жасап жаткан эмгеги айылы үчүн чабдан чоң маанаиге ээ экендигин айтат:

,,Чындыгында айылдын ички жолдору өтө жаман  акыбылда болуп  калды эле.Жамгырдан улам жана огороддорду суугаруудан чыккан салма суулар көчөлөрдү каптап,натыйжада  майда чуңкурчалар,арыкчалар болуп техника эмес жөө адамдын басышы да кыйын болуп калган.Жаштарыбыз айыл чүн жакшы иштерди жсап жатышат. Алардын бири болуп көчөлөргө кум аралаш топурактарды төгүп беришти.Жаштарга ыраазы болуп жатабыз.”

Даярдаган:Бурулсун Уланбек кызы.

Мыкты макала сынагы үчүн.